Расмий статистика органдарынын кесиптик күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын куттуктоосу

Басылмалардын датасы: 26.04.2024


Урматтуу Кыргыз Республикасынын статистика органдарынын кызматкерлери жана ардагерлери

 

Баарыңыздарды мамлекеттик статистиканын 98 жылдыгы - Мамлекеттик статистика кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен чын дилимден куттуктайм.

Статистика — бул жөн гана сандар эмес, бул мамлекетибиздин оош-кыйыштары менен ийгиликтери айтылган тил. Биз өлкөбүздүн прогрессине жана динамикасына сыймыктануу менен көз салып турабыз, статистика бул процессте ишенимдүү багыт болуп саналат.

Көз карандысыздык жылдарындагы республиканын улуттук статистикасы мамлекеттик башкаруу тутумунун маанилүү түзүүчүлөрүнүн бирине айланды, ал бардык пайдалануучулардын – бийлик органдарынын, коомчулуктун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана калктын маалыматка болгон муктаждыгын канааттандырууга кызмат кылат. Улутстатком тутумунда миңден ашык адам эмгектенет жана ээлеген кызмат ордуна карабастан, ар бир кызматкердин статистика тутумунун жалпы ишине кошкон салымы чоң.    

Учурда Улутстатком Дүйнөлүк банктын “Салыктык башкарууну жана статистикалык тутумду модернизациялоо” долбоорун ишке ашыруунун активдүү фазасында турат жана бул статистиканы өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат. Институционалдык түзүмдү модернизациялоо, бизнес-процесстерди оптималдаштыруу жана жаңы технологияларды колдонуу маалыматтарды мындан да так жана натыйжалуу көзөмөлдөөгө, чогултууга жана талдоого жардам берет.

Кесиптик майрамыбыздын алдында статистика органдарынын жалпы кызматкерлерине, респонденттерге жана статистикалык маалыматтарды пайдалануучуларга алдыга койгон пландарды ийгиликтүү ишке ашырууну, ошондой эле бакыт-таалай жана бакубат жашоо каалайм. Сиздердин эмгегиңиздер өлкөбүз үчүн олуттуу мааниге ээ жана сиздердин ишке болгон берилгендигиңиздерди жана кесипкөйлүгүңүздөрдү жогору баалайм. 

Эң мыкты каалоолорум менен,

Бактыбек Кудайбергенов


Акыркы жаңылоо: 26.04.2024, 14:32