Импорттук түшүүлөр 2014-ж. экспорттук түшүүлөргө караганда 3 эсеге жогорулады

Басылмалардын датасы: 10.07.2015


Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсү  алдын ала маалыматтар боюнча (бажы статистикасынын маалыматтарынын негизинде) 2014-ж. 7618 млн. АКШ долларын түздү жана өткөн жылга салыштырганда 4,7 пайызга азайды.

Экспорттук жөнөтүүлөр ( айыл чарба продукцияларынын кээ бир түрлөрүнүн экспортунун эсепке албаган кошумча эсептөөлөрү кошулганда) 2013-жылга салыштырмалуу 6,1 пайызга азайып, 1884 млн. АКШ долларын түздү. Товарлардын экспортунун көлөмү алтынды эсептебегенде 8,1 пайызга азайды.

Импорттук түшүүлөр 2014-ж.  өткөн жылга салыштырмалуу 4,2 пайызга азайып, 5735 млн. АКШ долларын түздү.

Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсүндө  2014-жылы, өткөн жылдардагыдай эле, импорттук түшүүлөр экспорттук түшүүлөргө караганда 3 эсеге жогорулады.

Натыйжада соода балансы 3851 млн. АКШ долларын түзүп, 2013-ж. салыштырмалуу 3,2 пайызга төмөндөдү.

_____________________________________________________________________________________________________________

Тышкы экономикалык                               |e-mail:g.shayahmetova@stat.kg;                 |тел. + 996 (312) 387911
ишмердик статистикасы бөлүмү

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүучүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси). 


Акыркы жаңылоо: 23.07.2015, 11:10