2023-жылдын жыйынтыгы экономиканын тармактарынын өсүшү менен мүнөздөлдү

Басылмалардын датасы: 15.01.2024


Ички дүң продукт 2023-жылдын январь-декабрында алдын ала эсептөөлөр боюнча 1,2 триллион сомдон ашып жана 2022-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 6,2 пайызга көбөйдү.  

Ички дүң продукт
(мурунку жылдын тиешелүү мезгилине карата пайыз менен)

Өнөр жай продукциясынын көлөмү 2023-жылдын январь-декабрында 483 миллиард сомго жакынды түздү жана 2022-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу резина, пластмасса буюмдарынын жана курулуш материалдарынын (1,7 эсеге), фармацевтикалык продукциянын (34,9 пайызга), жыгач жана кагаз буюмдарынын, полиграфиялык ишмердиктин (19,6 пайызга), текстиль өндүрүшүнүн, кийим жана бут кийимдин, тери жана булгаары буюмдарынын (19,2 пайызга), химиялык продукциялардын (11,8 пайызга) , тазаланган мунайзаттардын (8,9 пайызга), тамак-аш азыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамекинин (5,7 пайызга), ошондой эле пайдалуу кендерди казып алуунун (3,1 пайызга) өндүрүүнүн көлөмүнүн көбөйүшүнүн эсебинен 2,7 пайызга көбөйдү.

Өнөр жай продукциясынын көлөмү
(мурдагы жылдын тиешелүү мезгилине карата пайыз менен)

Оң тенденциялар дүң жана чекене соодада байкалган, мында көлөмдүн өсүшү 17,7 пайызды, ошондой эле курулушта 10,3 пайызды түзгөн.

2023-жылдын январь-декабрында өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу жалпы республика боюнча керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү 7,3 пайызды түздү. Мында азык - түлүк эмес товарларга баалар 12,2 пайызга, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге - 11,3 пайызга, тамак - аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга-3,4 пайызга, калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер 9,1 пайызга жогорулады.

Өткөн жылы керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы республиканын бардык региондорунда байкалган. Мында баалардын максималдуу өсүшү (12,7 пайыз) Нарын облусунда белгиленген, бул башка региондорго салыштырмалуу алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге баалардын эң көп жогорулашы (19,4 пайызга) менен шартталган.

Кыргыз Республикасынын товарларды тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2023-жылдын январь-ноябрында 13,9 млрд.АКШ долларын түздү жана 2022 - жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 29,0 пайызга көбөйдү, мында экспорттук жөнөтүүлөр 36,7 пайызга, ал эми импорттук келип түшүүлөр 27,2 пайызга көбөйдү.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын көлөмү 3,9 млрд.АКШ долларын түздү жана 2022-жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 11,0 пайызга төмөндөдү. Бул мезгилде республиканын өз ара соодасынын эң көп үлүшү Россияга (65,9 пайыз) жана Казакстанга (31,7 пайыз) туура келди.

Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасы
(мурдагы жылдын тиешелүү мезгилине карата пайыз менен)

Импорт                                                                                                    Экспорт

 

 

 

Үчүнчү өлкөлөр менен тышкы сооданын көлөмү (ЕАЭБден тышкары) 2023-жылдын январь-ноябрында 10,0 млрд. АКШ долларын түздү жана 2022-жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 1,6 эсеге өстү.

Презентациялар:

1. 2023-жылдын Керектөө бааларынын жана тарифтеринин өзгөрүлүшү

2. ЖАШОО МИНИМУМУ  2023-жылдагы калктын негизги социалдык-демографиялык топтору үчүн

 

 

Интервью (зарылдыгын көрсөтүү керек) уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн ошондой эле Улутстаткомдун басма сөз кызматына кайрылыңыздар: тел.: 62-57-47, уюлдук тел.: 0(700) 79-53-54, Тукашева Айзада. e-mail: statistica.kg@gmail.com
Катышууну (зарылдыгын көрсөтүү керек) тастыктоо үчүн e-mailstatistica.kg@gmail.com дарегине жазыңыздар.

****

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат. 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

Биз жеткиликтүүбүз:

www.stat.kg|

Facebook

тел.625747

Google play

apple_download

 

 

 

 


Акыркы жаңылоо: 15.01.2024, 15:25