2016-жылдын январь-февраль айындагы социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыгы талкууланган пресс-конференция болуп өттү.

Басылмалардын датасы: 11.03.2016


Бүгүн, 2016-жылдын 11-мартында Улутстаткомдо Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын январь-февраль айындагы социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыгы талкууланган пресс-конференция болуп өттү.

Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгынын начальниги Азамат Оросбаев маалымдагандай үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айында ички дүң продукт алдын ала баалоо боюнча 49 миллиард сомдон ашты жана өткөн жылдын январь-февраль айына салыштырганда 7,8 пайызга азайды. Ошону менен бирге ИДПнын төмөндөшүнө өнөр жайдагы жана курулуштагы өндүрүштүн көлөмүнүн азайышы таасир этти.

"Кумтөр" кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, 2016-жылдын январь-февраль айындагы ички дүң продуктунун көлөмү 0,1 пайызга азайып, 45 миллиард сомдон ашты.

2016-жылдын январь-февраль айындагы өнөр жай продукциясынын көлөмү 26 миллиард сомдон ашты жана өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу үчтөн биринен көбүрөөк төмөндөдү. Өнөр жай өндүрүшүнүн олуттуу көлөмдө түшүшү баалуу металл өндүрүшүнүн кыскарышы менен шартталды.

Ал эми керектөө баалар жана тарифтер жылдын башынан бери жалпы республика боюнча 0,3 пайызга төмөндөдү, муну менен бирге тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын баалары – 1,3 пайызга, алкоголдук ичимдиктер – 0,5 пайызга төмөндөдү.

Туруктуу өнүгүү жана айлана-чөйрө статистикасы башкармалыгынын үй чарба статистикасы бөлүмүнүн башчысы Галина Самохлеб пресс-конференциянын катышуучуларына үй чарбасынын бюджетинин интеграциялык изилдөөсүнүн жыйынтыгы боюнча өткөрүлгөн убакыттын бюджетинин тандама изилдөөсүнүн натыйжалары, үй чарба мүчөлөрүнүн убакытынын суткалык фондусун жынысы жана жашаган жери боюнча бөлүштүрүү жөнүндө маалымат берди.

Социалдык-демографиялык статистика жана эмгек рыногу башкармалыгынын социалдык статистика бөлүмүнүн башкы адиси Динара Сооромбаева өз кезегинде 2015-жылдагы кылмыштуулуктун абалы жана кылмыштардын түрү жөнүндө маалымат берип, аялдар укук бузуучулардын жалпы санынын 13 пайызын түзөөрүн белгиледи.

 

Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун басма сөз кызматы

т.: + 996 (312) 625 559, 625 747

ф: + 996 (312) 660 138

моб.: + 996 (555) 218 717, + 996 (557) 128 128

e-mail: smi_nsc@stat.kg,

Расмий сайт: www.stat.kg;

Дареги: Фрунзе к. 374, (Т. Молдо көчөсү менен кесилишет)

 


Акыркы жаңылоо: 11.03.2016, 16:05