2016-жылдын январь-март айындагы социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыгы талкууланган пресс-конференция болуп өттү.

Басылмалардын датасы: 12.04.2016


Бүгүн, 2016-жылдын 12-апрелинде Улутстаткомдо Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын январь-март айларындагы социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары талкуулана турган басма сөз жыйыны болуп өттү.

Төраганын орун басары Люксина Текеева маалымдагандай, үстүбүздөгү жылдын январь-март айларында ички дүң продукт алдын ала баалоо боюнча  79 млрд. сомго жакындады жана өткөн жылдын январь-март айларына салыштырмалуу 4,9 пайызга төмөндөдү. ИДПнын төмөндөшүнө негизинен өнөр жайдагы жана транспорттогу өндүрүштүн көлөмүнүн кыскарышы таасир этти.

“Кумтөр” кен казуу ишканаларын кошпогондо 2016-жылдын январь-март айларындагы ички дүң продуктунун көлөмү 73 млрд. сомдон ашты жана бир пайызга көбөйдү.

2016-жылдын январь-март айларындагы өнөр жай продукциясынын көлөмү 39 млрд. сомдон ашты жана өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 25,7 пайызга төмөндөдү. Өнөр жай өндүрүшүнүн олуттуу деңгээлде төмөндөшү баалуу металлдар өндүрүшүнүн кыскарышы менен шартталды.

Жыл башынан бери керектөө баалары жана тарифтери жалпы республика боюнча 1,2 пайызга, тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын баасы 3,5 пайызга төмөндөдү, ал эми алкоголдук ичимдиктердин баасы тескерисинче, 1,9 пайызга жогорулады.

Баалардын статистикасы бөлүмүнүн башчысы Малика Абдукадирова басма сөз жыйынынын катышуучуларына өткөн кварталдын бардык айларында  керектөө бааларынын республика боюнча төмөндөшү тууралуу маалымдады.

Социалдык-демографиялык статистика жана эмгек рыногу башкармалыгынын начальниги Римма Чыныбаева акыркы 15 жыл ичинде ЖААК органдарында жыл сайын катталуучу никелердин санынын 2,2 эсеге, ажырашуулардын 1,6 эсеге көбөйгөндүгү жөнүндө маалымат берди. 2015-жылы никелешүүнүн эң жогорку саны Баткен жана Ош облустарында катталды.

Соода статистикасы башкармалыгынын тышкы соода статистикасы бөлүмүнүн башкы экономисти Гулайым Шаяхметова өз сөзүндө катышуучуларга республиканын өткөн жылдагы тышкы экономикалык ишмердигинин абалы жөнүндө баяндап, экспорттук жана импорттук түшүүлөрдүн көлөмүнүн азайганына басым жасады. Ошону менен бирге республиканын товар жүгүртүүсүнүн жалпы көлөмүнүн 42 пайызга жакыны Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөргө туура келгенин билдирди.  

 

 

 

 

Урматтоо менен

Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун басма сөз кызматы,

т.: + 996 (312)  625 559, 625 747

ф: + 996 (312) 660 138

моб.: + 996 (555) 218 717, + 996 (779) 017 489

e-mail: smi_nsc@stat.kg,

Расмий сайт: www.stat.kg;

Дарек: Фрунзе көчөсү, 374, (Т. Молдо көчөсү менен кесилишет)

 


Акыркы жаңылоо: 12.04.2016, 14:56