ПРЕСС-АНОНС: 2022-жылдын январь-октябрь айларындагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары

Басылмалардын датасы: 09.11.2022


Улуттук статистика комитети ар бир ай сайын, айдын биринчи декадасында пресс-конференция өткөрөт, анын башкы максаты республиканын социалдык-экономикалык абалы жөнүндө коомдун маалымдуулугун жогорулатуу болуп саналат.

Маалымат жыйындын жүрүшүндө Улутстаткомдун кызматкерлери пресс-конференциянын катышуучуларына 2022-жылдын январь-октябрь айларындагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары, 2021-жылдагы айлана-чөйрөнүн абалы, 2022-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын тышкы жана өз ара соодасы жөнүндө маалыматтарды беришет.

Өтө турган убактысы: 2022-жылдын 11-ноябры, башталышы: 10.00.

Өтө турган жери: Улуттук статистика комитети, 720033, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү 374, пресс-борбор (1-кабат).

Баяндамачылар:

  • Шокенов Бактыбек Кубанычбекович – Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары;
  • Сулайманова Гульсара Назарбековна – тышкы соода статистикасы бөлүмүнүн башчысы;
  • Керималиева Назира Керималиевна – туруктуу өнүгүү жана айлана-чөйрө статистикасы башкармалыгынын начальниги;

Интервью (зарылдыгын көрсөтүү керек) уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн Улутстаткомдун басма сөз кызматына кайрылыңыздар: тел.62-57-47, уюл: 0(559) 79-53-54, Тукашева Айзада. e-mail: smi_nsc @ stat.kg

Катышууну (зарылдыгын көрсөтүү керек) тастыктоо үчүн e-mail: smi_nsc @stat.kg дарегине жазыңыздар.

****

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат. 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 10.11.2022, 09:43