ПРЕСС-АНОНС: 2023-жылдын январь-октябрындагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары

Басылмалардын датасы: 10.11.2023


Улуттук статистика комитети ай сайын айдын биринчи декадасында пресс-конференция өткөрөт, анын башкы максаты республиканын социалдык-экономикалык абалы жөнүндө коомдун маалымдуулугун жогорулатуу болуп саналат.

Алдыдагы маалымат жыйындын жүрүшүндө Улутстаткомдун кызматкерлери пресс-конференциянын катышуучуларына 2023-жылдын январь-октябрындагы Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары жөнүндөгү маалыматтар менен бөлүшөт, 2023-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын тышкы жана өз ара соодасы жөнүндө, Кыргыз Республикасынын 2022-жылдагы айлана-чөйрөнүн абалы жөнүндө маалымат беришет.

          Өтө турган убактысы: 2023-жылдын 11- ноябрьда, башталышы саат 11:00
          Өтө турган жери: Улуттук статистика комитети, Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү 374, пресс-борбор (1-кабат).

       Баяндамачылар:

  • Жумалиев Зайнидин Калидинович - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары;
  • Сулайманова Гульсара Назарбековна - тышкы соода статистикасы бөлүмүнүн башчысы;
  • Мамбеталиев Тимур Айтбекович - Туруктуу өнүгүү жана айлана-чөйрө статистикасы башкармалыгынын үй чарба статистикасы бөлүмүнүн башчысы..

 

Интервью (зарылдыгын көрсөтүү керек) уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн ошондой эле Улутстаткомдун басма сөз кызматына кайрылыңыздар: тел.: 62-57-47, уюлдук тел.: 0(700) 79-53-54, Тукашева Айзада e-mail: statistica.kg@gmail.com

Катышууну (зарылдыгын көрсөтүү керек) тастыктоо үчүн e-mailstatistica.kg@gmail.com дарегине жазыңыздар.

****

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат. 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 

Биз жеткиликтүүбүз:

www.stat.kg|

Facebook

тел.625747

Google play

apple_download

 


Акыркы жаңылоо: 10.11.2023, 16:07