Улутстаткомдун ишмердигин кандай баалоого болот

Басылмалардын датасы: 15.11.2022


Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети колдонуучулардын статистикалык маалыматтарга болгон канааттануу деңгээлин мүнөздөгөн Интерактивдик сурамжылоону баштады жана өзүнүн бардык респонденттерин жана колдонуучуларын расмий сайтка (www.stat.kg) жайгаштырылган Анкетаны толтуруп берүүгө чакырат.

Анкетаны толтуруу 30 күн ичинде жүргүзүлөт (ү.ж. 18-октябрынан 17-ноябрына чейин).

Улутстатком сурамжылоонун жүрүшүндө колдонуучулардын канааттануу түшүнүгүн жакшыртуу, ишинин жана көрсөтүлүүчү кызматтарынын сапатын баалоо, ошондой эле өз ара аракеттенүүнү андан ары жакшыртуучу багыттарды аныктоо, расмий статистикага болгон кызыгууну жана ишенимди жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн алат.  


Акыркы жаңылоо: 15.11.2022, 10:46