2019-жылдын март айына карата жазгы-талаа иштеринин жүрүшү боюнча кыскача талдоосу

Басылмалардын датасы: 23.04.2019


Үстүбүздөгү жылдын апрель айынын башталышына карата жалпы республика боюнча жаздык өсүмдүктөр 135,4 миң гектарга себилди, бул 2019-ж. себилген жаздык өсүмдүктөрдүн жалпы аянтынын 20,4 пайызын түздү.

Күздүк эгиндин 41,5 миң гектар аянты азыктандырылды, жазгы айдоо – 159,1 миң гектар аянты айдалды.                 

 Жаздык өсүмдүктөрдүн эң көп аянттары Чүй (жалпы себилген аянттын 61,1 пайызы), Ош (16,3 пайыз), Баткен (10,6 пайыз) жана Жалал-Абад (9,9 пайыз) облустарынын чарбаларында себилди.

 2019-жылдын мартына карата жаздык өсүмдүктөрдүн аймактар боюнча себилиши

                                                   

                                               

Себилди -  бардыгы,    

миң гектар

Жыйынтыкка

карата пайыз менен

Кыргыз Республикасы

135,4

100

Баткен облусу

14,3

10,6

Жалал-Абад облусу

11,4

9,9

Ыссык-Көл облусу

1,0

0,7

Ош облусу

22,1

16,3

Талас облусу

0,7

0,5

Чүй облусу

82,7

61,1

Ош шаары

1,2

0,9

Республиканын чарбалары тарабынан негизинен дан эгиндерин, май өсүмдүктөрүн, көп жылдык чөптөрдү себүү, картошка отургузуу жана жашылчаларды себүү жүргүзүлдү. 

Себилген жаздык айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түзүмүндөгү эң чоң салыштырма салмакты арпанын себилген аянты – 46,1 пайыз, буудай – 34 пайыз, көп жылдык чөптөр -15,7 пайыз, жашылчалар – 9,3 пайыз, май өсүмдүктөрү – 8,6 пайыз жана картошка -6,4 пайызды  ээлеп турат.

2019-жылдын мартына карата жаздык өсүмдүктөрдү түрлөрү боюнча себүү

 

Себилди - бардыгы,

миң гектар

2018-ж. себилген жаздык

өсүмдүктөрдүн аянтына

карата пайыз менен

Буудай

37,4

34,0

Арпа

81,5

46,1

Картошка

3,7

6,4

Жашылчалар

3,1

9,3

Май өсүмдүктөрү

2,5

8,6

Көп жылдык чөптөр

4,2

15,7

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министрлигинин маалыматтары боюнча 26,3 миң тонна көлөмдөгү буудайдын үрөнүнө болгон муктаждыктан республикада быйылкы жылдын 1-апрелине карата керектүү сандын 95,8 пайызы камсыздалды. Болгон 25,2 миң тонна буудайдын үрөнүнүн ичинен быйылкы жылдын апрелинин башына карата 16,5 миң тоннасы текшерилип, анын ичинен 16,4 миң тонна кондициялык үрөн деп табылды.

Жаздык себүүгө арналган айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүнүн болуусу жана     муктаждыгы

(2019-ж. 1-апрелине карата, миң тонна)

 

Муктаждык

Болгон

Муктаждыкка карата
үрөндүн болуусу, пайыз менен

Буудай

26,3

25,2

95,8

Арпа

35,9

35,0

97,5

Жүгөрү

2,7

2,7

100,0

Дан буурчак

4,8

4,8

100,0

Күрүч, т

1622,2

1622,2

100,0

Кант кызылчасы, т

55,1

55,1

100,0

Пахта, т

1541,1

1284,6

83,4

Тамеки, т

0,01

0,01

100,0

Картошка

248,4

248,4

100,0

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министрлигинин маалыматтары боюнча 39,1 миң тонна көлөмдөгү дизель отуну болгон муктаждыктан республикада быйылкы жылдын 1-апрелине карата керектүү сандын 77,7 пайызы камсыздалды.

Жаздык себүүгө арналган айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүнүн болуусу жана     муктаждыгы

(2019-ж. 1-апрелине карата, тонна)

 

Муктаждык

Болгон

Муктаждыкка карата
  КММдын болуусу, пайыз менен

Дизел отуну

39067

30305

77,7

автобензин

9338

7284

78,0

Дизел майы

1803

1408

78,1

Мотор майы

994

776

78,0

 

 

 

 

__________________________________________________________________________________

Айыл чарба статистикасы бөлүмү:   gmursabekova@stat.kg; | тел. + 996 (312) 66 40 43

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 23.04.2019, 17:49