Республиканын алты миллионунчу тургунунун төрөлөшунө арналган Тегерек стол Бишкек шаарында өтөт

Басылмалардын датасы: 20.11.2015


 

Республиканын алты миллионунчу тургунунун төрөлөшунө арналган Тегерек стол Бишкек шаарында өтөт

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Улуттук статистика комитети менен биргеликте Кыргыз Республикасынын алты миллионунчу тургунунун жарык дүйнөгө келүүсү менен байланышкан иш-чараларды аткаруунун алкагында “Алты миллиондук Кыргызстан. Демографиялык абал жана келечек” аттуу тегерек стол өткөрөт.

Иш-чаранын максаты Кыргызстандагы демографиялык абал, калктын санынын өзгөрүшү, балдардын саламаттыгынын көрсөткүчтөрү жана Калктын бирдиктүү реестрин киргизүү болуп саналат.

Тегерек стол Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жана Өкмөт Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун, эл аралык уюмдардын, ошондой эле эксперт жана илимпоздордун катышуусу менен өтөт.

Иш-чара 2015-жылдын 24-ноябрында Ж.Абдрахманов көчөсү-191 дарегинде жайгашкан “Хаят Ридженси Бишкек” мейманканасынын “Шайыр” залында саат 10:00дөн 11:30га чейин өтөт.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети бул иш-чарага ЖМК өкүлдөрүнүн катышуусун да камсыз кылат.

________________________________________________________________________________________________________

Демографиялык статистика бөлүмү     |    e-mail: r.chynybaeva@stat.kg;    |    тел. + 996 (312) 325336.

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси). 


Акыркы жаңылоо: 23.11.2015, 11:07