Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Төрагасы Бактыбек Кудайбергеновдун Мамлекеттик тил күнүнө карата куттуктоосу

Басылмалардын датасы: 23.09.2022


Урматтуу мекендештер!

Жалпыңыздарды бүгүнкү 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм!

Эне тил – ар бир адам үчүн ыйык, ар бир адамдын руханий байлыгынын туу чокусу. Эне тилин билбеген, элин сүйүп жарытпайт дегендей, эне тилди билүү – чыныгы мекенчилдик сапат катары бааланат. Албетте, азыркы ааламдашуунун заманында канча тил билсең, ошончо адамсың. Көп тилди билүү – ийгиликтин ачкычы, бирок, ошол эле учурда Мамлекеттик тилде эркин сүйлөп, туура жазуу учурдун катуу талабы бойдон кала берет.

Кыргыз тили Мамлекеттик тил катары акыркы 33 жылдын ичинде бир топ жетишкендиктерге жетишти. Кыргыз тили көп улуттуу Кыргызстандын биримдигинин жана ынтымагынын символуна айланды. Кыргызстандан бакыт тапкан чет мамлекеттерден келген адамдардын да эне тилине айланды.

Улуттук статистика комитети да четте калбай, Мамлекеттик тилди өнүктүрүү саясатында өзүнүн жигердүү салымын кошуп келүүдө. Статистика атоолорунун орусча-кыргызча сөздүгү, терминдер жана сөз тизмектери сыяктуу статистикалык сөздүктөр Улутстаткомдун кызматкерлери тарабынан даярдалып, басылып чыгууда.

Учурдан пайдаланып, жалпыңыздарга бекем ден соолук жана бакубат турмуш каалайм! Кыргыз тили түбөлүккө ар бир мекенчил Кыргызстандын атуулунун жүрөгүндө жашасын!


Акыркы жаңылоо: 23.09.2022, 14:54