Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Кудайбергенов Бактыбек Жапаровичтин жаңы жылдык куттуктоосу

Басылмалардын датасы: 29.12.2023


Урматтуу Кыргыз Республикасынын статистика кызматкерлери жана ардагерлери, өнөктөштөр жана колдонуучулар!

Сиздерди келе жаткан 2024-жаңы жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм. Жакында биз сыйкырдуу атмосферага түшүп, жакындарыбыз менен бирге эң кооз, жаркын үй-бүлөлүк майрамды белгилегени турабыз. Бирок адегенде салт боюнча өтүп жаткан жылга таазим этип, ыраазычылык билдире кетишибиз керек.

2023-жыл статистиктер үчүн абдан жемиштүү жылдардан болду.

Статистикалык программага ылайык 2023-жылдын 11 айынын ичинде жалпы Улутстатком тутуму боюнча 23 миңге жакын статистикалык иш аткарылды. 78 экономикалык баяндама, 825 экспресс-маалымат, 460 статистикалык бюллетень, 98 статистикалык жыйнак даярдалды жана жайылтылды.

Статистикалык маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жакшыртуу максатында Улутстатком тарабынан төмөнкү иштер аткарылды:

- ү.ж. октябрь айында ФАО менен биргеликте эки сынамык райондун аймагында ТӨМдүн 2.3.1, 2.3.2, 5.a.1 жана 12.3.1-глобалдык көрсөткүчтөрүн эсептөө үчүн эксперименталдык изилдөө жүргүзүлдү (түшүм жыйноодон кийинки жоготуулар компоненти);

- 2023-жылдын март айында ИДПдагы экономиканын “жашыл” тармактарынын үлүшүн аныктоо үчүн республиканын жалпы аймагында экологиялык товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүүчүлөргө тандалма изилдөө жүргүзүлдү;

- 2021-жылдын январь айынан бери Улутстатком ЭСКАТОнун Статистикалык бөлүмүнүн колдоосу менен “Азия жана Тынч океан чөлкөмүндө мыйзамсыз (көмүскө) финансылык агымдарды өлчөө үчүн статистика жана маалыматтар” долбооруна катышып келе жатат;

- 2020-жылдагы Кыргыз Республикасынын эл жана турак жай фондун каттоонун маалыматтары иштетилди. “Калктын негизги социалдык-демографиялык мүнөздөмөлөрү” аттуу 1-китеп, “Кыргызстандын калкы” аттуу 2-китептин 1-бөлүгү басылып чыгарылды. 2-китептин “Кыргыз Республикасынын калкынын миграциясы” аттуу 2-бөлүгү жана “Кыргыз Республикасынын региондору” аттуу 3-китеп басып чыгарууга даярдалууда.

- Кыргыз Республикасындагы аялдар менен балдардын ортосунда көптөгөн көрсөткүчтөр боюнча глобалдык кластердик изилдөө (MICS) жүргүзүү үчүн даярдык көрүү иштери жүргүзүлдү.

- “Санарип Аймак” АМТ маалымат базасынын маалыматтарына жетүү максатында муниципалдык статистиканы өндүрүү үчүн 2023-жылдын 15-мартында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик менен “Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жана “Санарип Аймак” АМТда маалыматтарды алышуу жөнүндө” макулдашуу түзүлдү.

- УСКнын расмий сайты үчүн гендердик статистика боюнча Гендердик веб-порталды иштеп чыгуу иштери жүргүзүлүүдө.

- 2023-жылдын июнь айында Улутстатком 2008-жылдагы Улуттук эсептер тутумунун (УЭТ-2008) стандарттарына өттү жана ИДПнын 2019-жылдан берки бардык көрсөткүчтөрү кайра саналды. Жумушчу таблицалардын шаблондору толугу менен өзгөртүлүп, ИДП боюнча жылдык маалыматтар УЭТ-2008га ылайык иштердин түрлөрү боюнча өндүрүү ыкмасы менен түзүлдү (учурдагы жана салыштырма бааларда). Ошондой эле 2019-2022-жылдардагы көрсөткүчтөрдү айлар боюнча жаңы стандарттарга ылайык кайра эсептеп чыгуу боюнча чоң иштер аткарылды. ИДПнын эсептерин кварталдык негизде (“таза” кварталдар боюнча) түзүү иштери жүргүзүлдү, жыйынтыктарды чыгаруу 2024-жылдын февраль айына пландаштырылган. 2023-жылдын январь-сентябрь айларынын жыйынтыктарынан тартып ИДПнын эсептеринде продуктуларга салыктын физикалык көлөмүнүн индексин эсептөөнүн өркүндөтүлгөн методологиясы колдонулуп жатат, бул салыктардын реалдуу өсүү темпин чагылдырууга жана жалпысынан ИДПнын өсүү темпине оң таасир тийгизүүсүнө жардам берет.

- Маалыматтарды электрондук топтоо ыкмасына өткөрүү максатында расмий статистикалык отчеттуулуктун формаларын оптималдаштыруу жана кайталануучу көрсөткүчтөрдүн санын кыскартуу боюнча иштер жүргүзүлдү.

- Дүйнөлүк Банктын долбоорунун алкагында респонденттерден статистикалык отчетторду электрондук чогултуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө: электрондук сурамжылоону иштеп чыгуу, когнитивдик тестирлөө, борбордук аппаратта маалыматтарды киргизүүнү жана иштеп чыгууну сынамык тестирлөө, райондук деңгээлде маалыматтарды киргизүүнү сынамык тестирлөө.

Урматтуу кесиптештер!

Ишиңиздердеги сабырдуулугуңуздар, өжөрлүгүңүздөр жана жараткан ийгиликтериңиздер үчүн ыраазычылык билдирем.

Азыркы учурда статистика органдарынын алдында жалпы кабыл алынган эл аралык стандарттарга жана эрежелерге ылайык расмий статистиканы өндүрүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга жана кеңейтүүгө багытталган заманбап санариптик маалыматтык технологияларды киргизүү аркылуу статистика тутумун модернизациялоо процессин тездетүү боюнча жаңы милдеттер турат.

Жаңы жылда баарыңыздарга бакыт-таалай, бекем ден соолук, жакшы маанай, жүрөктөргө уялаган жылуулук жана жайлуулук каалайм.

 

Терең урматым менен,

Б. Ж. Кудайбергенов

 


Акыркы жаңылоо: 03.01.2024, 22:25