Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети 2015-жылдын январь-июлундагы тышкы экономикалык ишмердик жыйынтыгын чыгарды

Басылмалардын датасы: 11.09.2015


Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсү алдын ала маалыматтар боюнча (бажы статистикасынын маалыматтарынын негизинде) 2015-ж. январь-июлунда 3169,2 млн. АКШ долларын түздү жана 2014-ж. январь-июлуна салыштырганда 15,2 пайызга азайды. Товар жүгүртүү түзүмүндө экспорттун үлүшүнө 25,8 пайызы, импорттун үлүшүнө – 74,2 пайызы туура келди.

Экспорттук жөнөтүүлөр 2014-ж. январь-июлунун денгээлине салыштырмалуу 1,2 пайызга азайып, 816,6 млн. АКШ долларын түздү. Товарлардын экспортунун көлөмү алтынды эсептебегенде 31 пайызга азайып жана 359,0 млн. долларды түздү.

Импорттук түшүүлөр 2014-ж. январь-июлунун денгээлине салыштырмалуу 19,2 пайызга азайып, 2352,6 млн. АКШ долларын түздү.

2015-жылдын январь-июлунда соода балансы терс сальдо болуп түзүлүп, 1536,0 млн. АКШ долларын түздү (2014-ж. январь-июлунда – 2085,8 млн. доллар).

___________________________________________________________________________________________________________

 

Тышкы экономикалык

ишмердик статистикасы               |     e-mail:gsulaimanova@stat.kg;        |       тел. + 996 (312) 324726

бөлүмү                                        |     e-mail:g.shayahmetova@stat.kg;    |       тел. + 996 (312) 324637  

                                                     

                                                

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүучүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси). 


Акыркы жаңылоо: 11.09.2015, 13:49