Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети ЕАЭБге киргенден кийин ү.ж. августунда керектөө бааларынын кескин өсүсү белгиленбегендигин маалымдайт

Басылмалардын датасы: 28.09.2015


Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети «Азаттык үналгысы» сайтында (www.azattyk.kg) жарыяланган «ЕАЭБ: товарлар 30 пайызга  кымбаттады» аттуу макаладагы маалыматтарды төгүнгө чыгарып,  2015-жылдын август айынын жыйынтыгы боюнча керектөө товарларынын, жалпысынан айтканда, курулуш материалдарынын бааларынын макалада айтылгандай “30 пайызга” өсүшү  байкалбагандыгын маалымдайт.

Үстүбүздөгү жылдын августунда  керектөө бааларынын жана тарифтеринин жалпы республика боюнча өсүшү мурунку айга салыштырганда 0,3 пайызды түздү, муну менен бирге азык-түлүк эмес товарлардын керектөө баалары жана тарифтери бир пайызга өстү.

Үстүбүздөгү жылдын августундагы  цементтин керектөө бааларынын өсүсү Ысык-Көл облусунда 1,5 пайызга жана Ош облусунда 0,4 пайызга белгиленди. Муну менен бирге Бишкек ш. (2,3 пайыз) жана Чүй облусунда (0,6 пайыз) алардын төмөндөшү байкалган. Ошондой эле республиканын рынокторундагы цементтин баалары Кыргыз Республикасынын Өкмөт³нө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги тарабынан жөнгө салына тургандыгын белгилей кетүү зарыл.

Үстүбүздөгү жылдын августунда Баткен (2,1 пайыз), Ош (2,4 пайыз) жана Чүй облустарында (2,9 пайыз) электр лапочкасынын баалары мурунку айга салыштырмалуу жогорулады. Ал эми Жалал-Абад облусунда тескеринче 5,9 пайызга төмөндөдү.

Үстүбүздөгү жылдын августунда жыгач материалдардын рыноктук баалары мурунку айга салыштырмалуу дээрлик өзгөрүсүз сакталды.  

Үстүбүздөгү жылдын 18-сентябрдагы абал боюнча керектөө секторундагы инфляциянын деңгээли мурунку айга салыштырмалуу 0,8 пайызды түздү. Муну менен бирге ү.ж 18-сентябрына карата азык-түлүктүк эмес товарлардын баалары мурунку айга салыштырмалуу 1,8 пайызга жогорулады, бул негизинен электр энергия жана жаратылыш газынын тарифтеринин жогорулашы менен шартталды.   

Августта кийимдердин жана бут кийимдердин баалары болгону 0,3 пайызга гана, ал эми ү.ж. 18-сентябрындагы абал боюнча 1,6 пайызга көтүрүлгөндүгүн белгилей кетүү керек. Бир нече жылдардын ичиндеги кийимдердин жана бут кийимдердин бааларынын өзгөрүшүнүн тенденциясын алып карасак, алардын бааларынын жогорулашы жылдын ушул мезгили үчүн мүнөздүү көрүнүш. 

Демек, республиканын ЕАЭБге киришинен кийин баалардын “30 пайызга” өсүшү жөнүндөгү маалымат туура эмес.

__________________________________________________________________________________________________________

Баалардын статистикасы бөлүмү         |           e-mail: ceny@stat.kg;           |       тел. + 996 (312) 625825 

                                                                                                                                      + 996 (312) 324705

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 30.09.2015, 17:22