Кыргыз Республикасынын Улутстаткому Норвегиянын Борбордук статистика бюросу менен активдүү кызматташууну улантууга даяр экендигин билдирди

Басылмалардын датасы: 10.03.2022


Кыргыз Республикасынын Улутстаткому Норвегиянын Борбордук статистика бюросу менен активдүү кызматташууну улантууга даяр экендигин билдирди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов Бишкек шаарында жайгашкан Норвегиянын Борбордук статистика бюросунун (НБСБ) улук кеңешчиси А.Абельзет айым менен ишканалардын каттоо системасын киргизүү миссиясы менен болгон жолугушууда айтылды.

КР Улутстаткомунун төрагасы узак мөөнөттүү өнөктөшү болгон НБСБ ыраазычылыгын билдирди. Ал белгилегендей, НБСБ менен кызматташуунун учурдагы фазасы быйыл аяктоодо, бирок кыргыз-норвегиялык кызматташтыктын алкагында жетишилген бардык демилгелер жана иштеп чыгуулар Дүйнөлүк банктын «салыктык башкарууну жана статистикалык тутумду модернизациялоо» долбоорунун алкагында ишке ашырылат. Б.Кудайбергенов ишканаларды каттоо жана метамаалыматтар тутумун иштеп чыгуу боюнча долбоордун алкагында оң натыйжаларга жетишүүгө кызыкдар экендигин билдирди. Бул долбоор статистикалык тутумдун натыйжалуулугун камсыз кылуу үчүн бекем пайдубал түптөөгө багытталды.

Өз кезегинде Абельзет айым Төрагага Дүйнөлүк Банктын долбоорунун алкагында демилгелерди ишке ашырууну улантууга даярдыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле ал НБСБ колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде ишке ашырылган долбоорлор жөнүндө жалпы маалымат берди жана жакынкы убакта ишке киргизүү пландалып жаткан ишканаларды каттоо тутуму жөнүндө кененирээк маалымат берди. Абельзет айым ошондой эле май айында борбордук банктын метамаалыматтар тутумун киргизүү боюнча Бишкекке дагы бир НБСБ миссиясы пландаштырылып жаткандыгын, анын үстүндө иш Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети менен биргеликте жигердүү жүргүзүлүп жаткандыгын белгиледи.

Жолугушуунун соңунда эки тараптуу кызматташуунун башка маселелери боюнча пикир алмашуу болду.


Акыркы жаңылоо: 10.03.2022, 13:33