Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети эл жана турак жай фондун каттоо аяктаганга чейин үч күн калганын эсиңиздерге салат

Басылмалардын датасы: 01.04.2022


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргызстандын элине болгон өзүнүн кайрылуусунда эл жана турак жай фондун каттоонун маанилүүлүгү жөнүндө баса белгиледи. «Каттоонун негизги милдети – бул элдин саны жана республиканын аймагында анын жайгашуусу жөнүндө, анын жынысы, жашы, билим деңгээли, улуту жана жашоо шарттарынын курамы жөнүндө реалдуу жана так маалыматтарды алуу. Бул маалымдарды башка жол менен алууга мүмкүн эмес. Эң негизгиси, ушундай жол менен алынган маалымат Кыргызстандын жакынкы жылдарга жана келечекте социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиясын иштеп чыгуу же тактоо үчүн база болуп саналат. Акырында, эл каттоонун маалыматтары – бул аны менен келечек муундар колдоно турган биздин өлкөнүн тарыхы», - деп айтылат мамлекет башчынын кайрылуусунун текстинде.

Кыргыз Республикасынын эл жана турак жай фондун каттоо иши да аяктап бара жатат, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов кыргызстандыктарды мамлекеттик өнөктүккө ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө жана каттоого активдүү катышууга чакырды. «Ишке тартылган жана окутулган кызматкерлер эл каттоонун маанилүүлүгүн билиши жана түшүнүшү керек, жана калган 3 күндүн ичинде кыргызстандыктардан сапаттуу маалыматтарды чогултууну аяктоо үчүн бардык күч-аракетти жумшоо керек. Бардык маалыматтар жалпыланган, жыйынтыкталган түрдө гана колдонулат», — деп айтылат Улутстаткомдун башчысынын билдирүүсүндө.

Эске салсак, 2022-жылы эл жана турак жай фондун каттоо 4-апрелге чейин уланат.  

1216 номери боюнча «ишеним телефону» ишин улантууда. Ар бир жаран ушул телефонго чалуу менен бизге кайрыла алат жана маалымат ала алат.

Бишкек шаары боюнча сизде суроолор жаралса, сиз жашаган райондун эл каттоо бөлүмүнө кайрылсаңыз болот:

Ленин району - 0312 887366, (моб.) 0220019034

Октябрь району - 0312 576438, (моб.) 0500735686

Биринчи май району - 0312 300871, (моб.) 0552560707

Свердлов району - 0312 382468, (моб.) 0700994892

              


Акыркы жаңылоо: 01.04.2022, 15:02