Улутстатком 2022-жылдагы республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарын чыгарды

Басылмалардын датасы: 13.01.2023


Өткөн жылы республиканын жана анын региондорунун социалдык-экономикалык абалы негизги көрсөткүчтөрдүн көбөйүшү менен мүнөздөлдү.

Алдын ала баалоо боюнча ички дүң продукт 2022-жылдын январь-декабрында 919 млрд.сомдон ашты жана өткөн жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 7%  өстү. ИДПнын өсүшү товардык өндүрүш тармактары жана тейлөө тармактары тарабынан камсыздалды.

Ошол эле учурда өнөр жайда өндүрүштүн көлөмү - 12%  ашык, курулушта - 8% жана айыл чарбасында –7%  ашык, ошондой эле кызмат көрсөтүүчү тармактарда – дээрлик 5%  олуттуу өсүшү белгиленди.

2022 - жылы өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 426 млрд.сомду түздү жана 2021-жылга салыштырганда-11,4 пайызга, ал эми 2018-жылга салыштырганда дээрлик 28 пайызга көбөйдү, бул негизинен  өндүрүү боюнча ишканаларда негизги металлдарды чыгаруунун өсүшү менен камсыздалды.

Өткөн жылы пайдалуу кендерди казуунун көлөмү 2018 - жылга салыштырмалуу 30%, ал эми 2021-жылга салыштырмалуу 8%  өстү.

Кайра иштетүүчү тармактарда да өндүрүш көлөмүнүн  2018 - жылга салыштырмалуу  31% , ал эми 2021-жылга салыштырмалуу 16%   өсүшү байкалды.

2022-жылы 2021-жылга салыштырмалуу айыл чарба продукциясын дүң чыгаруу 7%  ашык көбөйдү, бул буудай, арпа, тоют өсүмдүктөрү,  жүгөрү даны, жашылча өсүмдүктөрү, мөмө-жемиш өсүмдүктөрү, ошондой эле кант кызылчасы жана май өсүмдүктөрү өндүрүшүнүн өсүшү менен камсыз болду.

Өткөн жыл ичинде курулушта социалдык-маданий багыттагы объекттерди – мектепке чейинки мекемелерди, мектептерди, ооруканаларды жана бейтапканаларды пайдаланууга берүү камсыз кылынган.

Өткөн жылы экономикалык иштин бардык түрлөрүнүн ишканаларында жана уюмдарында орточо айлык эмгек акынын жогорулашы белгиленди.


Акыркы жаңылоо: 20.01.2023, 12:29