Улутстатком статистиканын өткөн жана учурдагы окуялары жана даталары, коомчулук үчүн анын ролу жана мааниси жөнүндө видеотасмаларды даярдады

Басылмалардын датасы: 18.05.2021


Үстүбүздөгү жылы Кыргызстандын мамлекеттик статистикасы өзүнүн 95 жылдыгын белгиледи. Мамлекеттик статистиканын түзүлгөн тарыхы, 1926-жылдын апрелинде Кара-Кыргыз облустук революциялык комитетинин Президиумунун токтому менен экономикалык жана социалдык маалыматтарды чогултуу жана иштетүү боюнча тутумдук ишмердүүлүктүн башталышына жол ачкан биринчи статистикалык уюмдар түзүлгөн, өткөн кылымдын алыскы жыйырманчы жылдарына барып такалат.

Улуттук статистиканын өткөн жана азыркы учурундагы эң маанилүү окуялары жана даталары, коомчулук үчүн анын ролу жана мааниси жөнүндө Кыргыз Республикасында Калк конуштары жаатында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) фондусунун техникалык жардамы менен Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан даярдалган видеотасмаларды көрүү аркылуу биле аласыз.

Видеороликтерди коруу учун кийинки шилтемени басыныз:
 https://www.facebook.com/statcom.kg/videos/296696625392601

https://www.facebook.com/statcom.kg/videos/2674190256213699

 


Акыркы жаңылоо: 20.05.2021, 15:55