Улутстатком студенттерди Ачык эшиктер күнүнө чакырат

Басылмалардын датасы: 24.10.2022


Үстүбүздөгү жылдын 25-октябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде “Калк жана өнүгүү” аттуу Ачык эшиктер күнү өткөрүлөт. Иш-чаранын программасында катышуучуларды республиканын демографиялык өнүгүү тенденцияларын мүнөздөгөн маалыматтар менен тааныштыруу, ошондой эле өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн көрсөткүчтөрү катары ички дүң продукт, билим берүү, Кыргыз Республикасындагы чакан жана орто ишкердик жөнүндө колдонуучулар үчүн кызыктуу болгон маалыматтарды камтыган бир катар презентацияларды көрсөтүү каралган. Мындан сырткары, иш-чаранын катышуучуларына Улутстаткомдун расмий сайтынан статистикалык маалыматтарды издөөнүн жолдору тууралуу маалыматтар берилет.

Иш-чарага жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын студенттери жана окутуучулары чакырылды.

Өтө турган жай: Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети,  Бишкек ш., Фрунзе көчөсү, 374, 4-кабат, актылык зал. Башталышы: саат 10:00.

Сөз сүйлөөчүлөр:              

  • Г. Т. Абдуллаева - демографиялык статистика бөлүмүнүн башчысы;
  • Э. Исенкулова - экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгынын начальниги;
  • Е. Жукова - финансы статистикасы бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
  • Ж. Рахманова – социалдык статистика бөлүмүнүн башчысы;
  • Ч.С. Турдубаева – жыйынтыктоо иштери, коммуникация жана статистикалык маалыматтарды жайылтуу бөлүмүнүн башчысы.

Толук маалымат алуу, интервью уюштуруу маселелери боюнча (керектүүсүн көрсөтүңүз) пресс-катчы Тукашева Айзада Кувановнага кайрылыңыздар: тел. 625747 (моб: 0559 79-53-54), e-mail: smi_nsc @stat.kg

Катышууну тастыктоо үчүн төмөнкү e-mail электрондук почтасына жазыңыздар: smi_nsc @stat.kg;

 


Акыркы жаңылоо: 25.10.2022, 16:28