Улутстатком пилоттук (сыноо иретиндеги) эл жана турак жай фондун каттоону өткөрүү боюнча даярдык көрүү иштерин баштады

Басылмалардын датасы: 13.07.2018


Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети Чүй облусунун Чүй районунда жана Токмок шаарында 2019-жылдын март айында өтө турган пилоттук (сыноо иретиндеги) каттоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча даярдык көрүү иштерин  активдүү жүргүзө баштады.

 Пилоттук (сыноо иретиндеги) каттоонун максаты Кыргыз Республикасында 2020-жылы өтө турган эл жана турак жай фондун каттоого Улутстатком тарабынан иштелип чыккан уюштуруу-усулдук жана технологиялык камсыздоолорду апробациялоо болуп саналат.

Даярдык көрүү жана пилоттук (сыноо иретинде) каттоонун максаттарын жана маселелерин маалымдоо жөнүндө иш-чараларды координациялоону камсыз кылуу максатында 2018-жылдын 3-4-июлунда Улутстаткомдун өкүлдөрүнүн, КРнын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы  Аппаратынын ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Токмок шаарынын мэриясынын, Чүй райондук мамадминистрациясынын,Чүй райондук айыл өкмөттөрүнун башчыларынын, аймактык өз алдынча башкаруу органдарынын, Токмок шаарынын кварталдык комитеттеринин кызматкерлеринин жана регистраторлордун катышуусу менен окутуу семинары өттү.

Негизги маселелердин бири болгон эл жашай турган турак жай жана турак жай эмес курулуштардын тизмесин түзүү боюнча 2018-жылдын 5-июлунан баштап Чүй облусунун Чүй районунда жана Токмок шаарында регистраторлор өз жумуштарына киришти. КРнын 2019-жылдагы пилоттук (сыноо иретиндеги) эл жана турак жай фондун каттоонун.

Регистраторлор үчүн атайын участоктор белгиленип, алардын алдында бир ай аралыгында турак жай фондусунун турган жерин, ошондой эле андагы жашаган калктын санын тактоо маселеси турат.

Статистикалык каттоолор жана демографиялык статистика башкармалыгы

e-mail: azharkynbaeva@stat.kg:    

тел. + 996 (312) 664211.

 


Акыркы жаңылоо: 13.07.2018, 10:33