Улутстатком статистикалык маалыматтарды туура чечмелөөгө чакырат

Басылмалардын датасы: 21.04.2021


Үстүбүздөгү жылдын 19-апрелинде Улутстаткомдун расмий сайтында учурдагы статистиканын жыйынтыктары боюнча алынган баалоочу маалыматтардын негизинде калктын саны боюнча (ушул учурда, 2021-жылдын башына карата) ар жылдык эсептөөлөрдүн аяктаганы тууралуу маалымат жарыяланганын эскере кетели. Айрым колдонуучулар ошол эсептөөлөрдү эл каттоонун жыйынтыктары катары баалап алышкан, бул жаңылыш түшүнүк болуп саналат.

Ушуга байланыштуу, Улутстатком колдонуучуларга, калктын санын баалоочу маалыматтардын эсептөөлөрүнөн айырмаланып, эл каттоо - бул дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү менен катар Кыргыз Республикасында да калкты сурамжылоо жолу менен 10 жылда бир жолу өткөрүлүүчү масштабдуу иш-чара экендиги тууралуу маалыматты билдирет. Эл каттоо калктын социалдык жана экономикалык абалы жөнүндө маалыматтарды алуунун маанилүү булагы болуп саналат. Муну менен бирге, өлкөнүн калкынын билиминин деңгээли, никелик-үй-бүлөлүк түзүмүнүн жана этнолингвистикалык курамы сыяктуу мындай маалыматтар жалпы эл каттоонун жыйынтыктары боюнча гана алынат.

Азыркы учурда Улутстатком тарабынан 2021-жылы эл жана турак жай фондун каттоону өткөрүү жөнүндө чечими, анда өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды милдеттүү түрдө эске алуу менен жана каттоочунун да, респонденттин да коопсуздук чараларын сактоо менен кабыл алынды.

Жыйынтыгында, Улутстатком тигил же бул көрсөткүчтүн туура эмес чечмеленишине шашылыш тыянактарды жасабоону, анын ордуна колдонуучулар үчүн ыңгайлуу болуш үчүн керектүү методологиялык түшүндүрмөлөр жайгаштырылган Улутстаткомдун расмий сайтына кайрылууну сунуштайт.

____________________________________________________________________________

Статистикалык каттоолор бөлүмү | e-mail: rchynybaeva@stat.kg|; Тел. + 996 (312) 325336

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 


Акыркы жаңылоо: 21.04.2021, 13:08