Улутстатком “Калк жана өнүгүү” аттуу Ачык эшиктер күнүн өткөрдү

Басылмалардын датасы: 27.10.2022


Бүгүн, 2022-жылдын 27-октябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети мамлекеттик органдардын, эл аралык, коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн жана журналисттердин катышуусу менен “Калк жана өнүгүү” аттуу Ачык эшиктер күнүн өткөрдү.

Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов ачып, мамлекеттик бийлик органдары, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар жана компаниялар, окуу жайлар жана изилдөө уюмдары, массалык маалымат каражаттары, жарандар, ошондой эле эл аралык уюмдар жана өкүлчүлүктөр сыяктуу топторду камтыган статистикалык маалыматтардын колдонуучуларынын санынын өскөндүгү тууралуу маалымат берди. Ал статистика органдарынын башкы милдеттеринин бири бардык категориядагы колдонуучулардын  статистикалык маалыматтарга болгон жеткиликтүүлүгүн камсыздоо жана алардын статистикалык маалыматтардын деңгээлине болгон ишенимин көтөрүү экендигин баса белгилеп өттү. 

Кыргызстандагы жана Түркмөнстандагы ЮНФПАнын өлкөлүк директору, ошондой эле Казакстандагы ЮНФПАнын өкүлү Ронни Линдстром катышуучуларга кайрылып, республиканын азыркы абалына жана өнүгүшүнө демографиялык өзгөрүүлөрдүн тийгизген таасири тууралуу маалымат берди. Ал «Кыргызстандын калкы жаш калк болуп саналат. Эмгекке жөндөмдүү калк көбөйүп жатат жана бул ресурсту өлкөнүн өнүгүшү үчүн демографиялык дивиденд катары колдонуу зарыл», - деп билдирди. Мындан сырткары, ал Кыргыз Республикасы КМШ өлкөлөрүнүн ичинен алгачкылардан болуп, эл жана турак жай фондун каттоону электрондук форматта өткөргөн өлкө деп белгиледи.

Өз кезегинде, Улутстаткомдун кызматкерлери конокторго республикадагы демографиялык жагдай жөнүндө маалымат беришип, ички дүң продукт, республиканын ЕАЭБ өлкөлөрү менен болгон тышкы соодасы жана өз ара аракеттенүүсү, Кыргыз Республикасындагы тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүүлөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы жаштар жана улгайган адамдардын абалы жөнүндө кызыктуу маалыматтарды камтыган бир катар презентацияларды көрсөтүштү.

Иш-чаранын аягында берилген маалыматтар боюнча ой-пикирлер айтылып, Улутстаткомдун кызматкерлери бир катар суроолорго жооп беришти.

Иш-чара расмий статистиканы алдыга жылдырууга жана таанытууга, ошондой эле анын көптөгөн жетишкендиктерин жана өнүгүү этаптарын жайылтууга багытталды.

Тенденции демографического развития Кыргызской Республики

Валовой внутренний продукт – конечный результат экономической деятельности

Поступление прямых иностранных инвестиций в Кыргызскую Республику

Молодежь и Пожилые люди в Кыргызской Республике

Внешняя торговля и интеграция республики в ЕАЭС

 

 

 


Акыркы жаңылоо: 01.11.2022, 14:15