Улутстатком жабдууларын масштабдуу түрдө жаңылайт

Басылмалардын датасы: 31.01.2024


Дүйнөлүк банктын “Салыктык башкарууну жана статистикалык тутумду модернизациялоо” долбоорун ишке ашыруунун алкагында борбордук аппараттын жана региондук органдардын статистикалык жана IT-инфратүзүмүн жакшыртуу максатында компьютерлер, көп функциялуу түзүлүштөр, үзгүлтүксүз азыктандыруу булактары, вирустарга каршы программалар, тарамдык чыпкалар, тышкы катуу дисктер, түстүү принтерлер жана башка керектүү техникалар сатылып алынды. 

Бул республиканын статистика органдарына кыйла ири сактагычтарды, электрондук каражаттарды пайдалануу жолу менен маалыматтарды чогултууну башкарууга жана ачык форматтарда маалыматтарды берүүгө, сактоого жана жайылтууга кепилдик берүүгө жардам берет.

Буга чейин Дүйнөлүк банктын “Салыктык башкарууну жана статистикалык тутумду модернизациялоо” долбоорунун колдоосу менен Улутстаткомдун жана башка мамлекеттик органдардын адистерин үзгүлтүксүз окутууну жана квалификацияларын жогорулатууну камсыз кылуу үчүн Улутстаткомдун Статистикалык изилдөөлөр жана квалификацияны жогорулатуу институтунун потенциалын бекемдөө максатында аралыктан окутуу үчүн керектелүүчү жабдуулар, компьютерлер, көп функциялуу түзүлүштөр, түстүү принтерлер, ошондой эле кеңсе эмеректери, видеоконференцбайланыш (ВКБ) жабдуулары жана планшеттер сатылып алынган.

Статистика тутумунда көп убакыттан бери мындай масштабдуу жабдууларды жаңылоо белгиленген эмес. 

Алынган жабдууларды пайдалануу санариптештирүү жана электрондук отчеттуулук процесстерине кыйла тезирээк өтүүгө өбөлгө түзөт.


Акыркы жаңылоо: 31.01.2024, 13:25