Улутстаткомдо Мамлекеттик статистика, саламаттыкты сактоо жана ЖААК органдарынын облустук адистери үчүн ведомстволор аралык семинар өткөрүлүүдө - фоторепортаж

Басылмалардын датасы: 15.12.2016


БУУнун Кыргыз Республикасындагы калк жаатындагы фондусунун колдоосунда Кыргыз Республикасынын Улутстаткому ушул жылдын 15-16-декабрында мамлекеттик статистика, саламаттыкты сактоо жана ЖААК органдарынын облустук адистери үчүн ведомстволор аралык семинар өткөрөт.

Семинардын темасы – ЖААКтын Автоматташтырылган маалыматтык тутумун (“ЖААК” АМТ) бардык жерде ишке киргизүү этабындагы ведомстволор аралык координация.

Семинардын максаты - “ЖААК” АМТдан сапаттуу статистикалык маалыматтарды алуу максатында ведомстволор аралык өз ара кызматташууну күчөтүү.

Талкуулана турган маселелердин бири – бул “ЖААК” АМТдын негизинде табигый кыймыл статистикасы боюнча электрондук отчеттуулукту алуу, мунун натыйжасында демографиялык маалыматтардын сапаты жогорулашы мүмкүн. Жакынкы келечекте “ЖААК” АМТ жана “Медициналык күбөлүк” АМТ – эки автоматташтырылган маалыматтык тутумду бириктирүү пландалып жатат, мында калктын өлүмүнүн себептери жөнүндө маалыматтарды электрондук форматта алууга болот. Эң негизгиси – демографиялык статистика маселелери менен иш алып барган мамлекеттик статистика, ЖААК органдарынын жана саламаттыкты сактоо уюмдарынын аймактык органдарынын адистеринин дараметин бекемдөө божомолдонуп жатат.

Маселелерди талкуулоого ЖААК органдарынын иштерине кураторлук кылган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жетектөөчү адистери, демографиялык статистика боюнча иш алып барган Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети катышышат.

Социалдык-демографиялык статистика жана эмгек рыногу башкармалыгынын

демографиялык статистика бөлүмү               e-mail: r.chynybaeva@stat.kg;    тел. + 996 (312) 325336.

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик статистика жөнүндө» Мыйзамынын 17-беренеси). 


Акыркы жаңылоо: 15.12.2016, 10:25