Улутстатком пайдалануучулулар менен кызматташтыкты арттыруу үчүн сурамжылоо жүргүзүүдө

Басылмалардын датасы: 14.05.2021


Статистикалык маалыматты жайылтуу тажрыйбасын жакшыртуу багытында Улутстатком интерактивдүү сурамжылоо жүргүзүүнү баштады. Анда пайдалануучулар алган маалыматтын канааттандыруу деңгээли аныкталмакчы.

Сурамжылоонун мөөнөтү 35 күнгө созулат (15-апрелден 20-майга чейин). Бул сурамжылоонун жыйынтыгы пайдалануучулардын керектөөлөрүн түшүнүүгө, Улутстаткомдун ишмердигин баалоого жана көрсөтүлгөн тейлөөнүн сапатын аныктоого жардам берет. Ошондой эле пайдалануучулардын көз карашы Улутстаткомдун ишмердигин мындан ары өнүктүрүүгө, расмий статистикага болгон ишенимди жогорулатууга багытталган чараларга колдонулат.

Сурамжылоого катышууда купую сыр сакталаарын эскертип, Улутстатком катышуучуларга алдын ала ыраазычылыгын билдирет.

Сурамжылоого катышуу 


Акыркы жаңылоо: 14.05.2021, 16:07