Улутстатком калктын санынын эсебин жүргүзуп бүттү

Басылмалардын датасы: 19.04.2021


2021-жылдын башына карата баалоо маалыматтары боюнча Кыргыз Республикасынын туруктуу калкынын саны 6 миллион 637 миң адамды түздү. Туруктуу калктын үчтөн бири (34 пайызы) шаарларда, үчтөн экиси (66 пайыз) айыл жерлеринде жашашкан.

Калктын жалпы саныны үчтөн биринен көбүн (35 пайызын) балдар жана өспүрүмдөр, 57 пайызын эмгекке жарактуу жаштагы адамдар жана 8 пайызын - эмгекке жарактуудан жогорку жаш курактагылар түздү.

Өлкөдө бардыгы болуп 100дөн ашык улуттун өкүлдөрү жашайт, алардын ичинен көпчүлүгү (2021-жылдын башына карата баалоо маалыматтары боюнча) кыргыздар - 4 миллион 896 миң адам (калктын жалпы санынын 73,8 пайызы), өзбектер - 985 миң адам (14,9 пайызы) жана орустар - 341 миң адам (калктын жалпы санынын 5,2 пайызы).

2021-жылдын 1-январына карата республиканын калкынын, шаардык жана айылдык калктын, облустардын, райондордун, шаарлардын жана шаар тибиндеги калктуу конуштардын саны, ошондой эле 2017-2021-жылдардагы айрым улуттар боюнча Кыргыз Республикасынын туруктуу калкынын саны жөнүндө кененирээк маалыматтар Улутстаткомдун сайтына жайгаштырылган: (Статистика бөлүгүнөн → Калк → Ыкчам маалымат жана Динамикалык таблицалар жана Ачык маалыматтар бөлүгүнөн караңыздар).

Демографиялык статистика бөлүмү          e-mail: gabdullaeva@stat.kg;|тел. + 996 (312) 324636.

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү  метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси)

 


Акыркы жаңылоо: 19.04.2021, 16:59