Кыргыз Республикасынын Улутстаткому статистикалык маалыматтарды туура пайдаланууга чакырат

Басылмалардын датасы: 21.09.2015


Акыркы убактарда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын биометриялык каттоону жүргүзүүсү жөнүндө макалалар басма сөздөрдө жарыяланып жатат. Муну менен бирге авторлору болуп калктын саны жөнүндө алынган маалыматтарды Улутстаткомдун расмий маалыматтары менен салыштырууга туура келип жатат.

Бирок калктын саны жөнүндө маалыматтарды алуу эки булагына карата пайдаланылган методологиялык мамилелер ар түрдүү экенин эске алуу керек, демек эки ведомствонун маалыматтарын салыштыруу одоно болуп саналат.

Белгилүү болгондой эл аралык тажрыйбада калктын саны жөнүндө маалыматтардын негизги булагы негизине өзүн өзү аныктоо принциби кабыл алынган б.а. зарыл маалыматтарды бышыкталган документтерден эмес, респонденттин сөзүнөн алынган калктын жалпы каттоосу болуп саналат.

Калкты каттоолор убактылуу жок болгондорду кошкондо каттоо убагында бул аймактарда туруктуу жашаган калкка тиешелүү туруктуу калктын саны жөнүндө маалыматтарды алууга мүмкүндүк берет. 2009-ж. калкты жана турак жай фондун каттоодо убактылуу жок болгондорго каттоону эсептөө убагында калктуу пунктан тышкары туруктуу (дайыма) жашаган жеринде болгон, эгерде алардын жок болуусу бир жылдан ашып кетпеген (жок болуу мөөнөтү эл аралык аныктоолорго ылайык кабыл алынган) адамдар кирет.

Каттоо аралыгындагы мезгилдерде калктын санынын эсебине эмне тиешелүү, анда эсептерди жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Улутстаткому тарабынан туулгандардын жана өлгөндөрдүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы берген миграциялардын саны жөнүндө маалыматтар пайдаланылат.

Азыркы убакта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан чогултулган биометриялык маалыматтар Улутстакомдун расмий маалыматтарынан айырмаланып Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту милдеттүү болуусун талап кылат. Натыйжада калктын саны жөнүндө маалыматтардын ар түрдүү булактарын салыштырууга жол берилбейт.

_____________________________________________________________________________________________________________

Демографиялык статистика бөлүмү   |e-mail: r.chynybaeva@stat.kg; |тел. + 996 (312) 325336.

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрө  таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси). 


Акыркы жаңылоо: 21.09.2015, 13:20