ИДПнын көлөмүндөгү эң чоң үлүш кызматтарды көрсөткөн тармактарга туура келди

Басылмалардын датасы: 19.11.2015


Ички дүң продукт (ИДП) 2015-ж. январь-октябрында алдын-ала баалоо боюнча 334,1 млрд. сомду түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 4,8 пайызга көбөйдү. ИДПнын өсүүсү негизинен, кызматтарды көрсөткөн тармактар (ИДПнын бардык өсүүсүнүн 31,3 пайызы), ошондой эле айыл чарбасы (22,4 пайыз), иштетүү өнөр жайы (15,9 пайыз), жана курулуш (8,1 пайыз) тарабынан камсыздалды. «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда ИДПнын өсүүсү 4 пайызды түздү.
Өткөн жылдын январь-октябрына салыштырганда ИДПнын түзүмүндөгү товарларды өндүргөн тармактардын үлүшү 0,5 пайызга (үлүшү 1,1 пайызга азайган айыл чарбасынын эсебинен) азайып, 38,7 пайызды түздү, ошол эле убакта кызматтарды көрсөткөн тармактардын үлүшү 2 пайызга көбөйүп, 48,8 пайызды түздү.
1-таблица: 2015-жылдын январь-октябрындагы ИДПнын экономикалык ишмердиктин
                       түрлөрү боюнча түзүмү
        (пайыз менен)
 
Млн. сом
ИДПнын өсүү темптериөмөндөшү- )
ИДПнын түзүмү
2014
2015
ИДП
334120,5
4,8
100
100
Айыл чарбасы, токой чарбасы жана балык уулоочулук
53522,6
6,3
17,2
16,0
Өнөр жай
52065,6
7,8
15,1
15,6
Пайдалуу кендерди казуу
3052,2
75,7
0,6
0,9
Иштетүү өндүрушү (Иштетүү өнөр жайы)
41596,8
6,2
12,4
12,5
Электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу)
6647,5
-3,8
1,8
2,0
Суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу
769,1
5,1
0,3
0,2
Курулуш
23719,5
5,7
6,9
7,1
Дүң жана чекене соода; автомобилдерди
жана мотоциклдерди оңдоо
57886,2
5,8
16,7
17,3
Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо
13054,0
1,5
3,9
3,9
Мейманканалардын жана ресторандардын ишмердиги
6151,8
7,5
1,8
1,9
Маалымат жана байланыш
15062,4
5,3
4,5
4,5
Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү
70918,5
0,5
19,9
21,2
Продуктуларга таза (субсидиялар
эсептен алынган) салыктар
41739,9
4,8
14,0
12,5
 
Улуттук эсептер тутуму башкармалыгы      e-mail: aorosbaev@stat.kg;                                 тел. + 996 (312)  324695
 
Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси). 

Акыркы жаңылоо: 19.11.2015, 09:24