ИДПнын көлөмүндөгү эң чоң үлүш кызматтарды көрсөткөн тармактарга туура келди
Басылмалардын датасы: 17.02.2016
Ички дүң продукт (ИДП) 2016-ж. январында алдын-ала баалоо боюнча, 22,9 млрд. сомду түздү, бул мурунку жылдын тийиштүү мезгилинин денгээлинен 10,7 пайызга төмөн, «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда тиешелүүлүгүнө жараша 21,3 млрд. сомду түзүп, 1,5 пайызга төмөн болду.
ИДПнын төмөндөшү негизинен, өнөр жай жана транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо менен шартталды.
Өткөн жылдын январына салыштырганда ИДПнын түзүмүндөгү товарларды өндүргөн тармактардын үлүшү 6,6 пайызга (үлүшү 7,2 пайызга азайган өнөр жайдын эсебинен) азайып, 32,4 пайызды түздү, ошол эле убакта кызматтарды көрсөткөн тармактардын үлүшү 5,6 пайызга көбөйүп, 52,6 пайызды түздү.
Мурунку жылдын январына карата ИДПнын дефлятору (экономиканын бардык тармактарынын бааларынын жалпыланган индекси) 104,7 пайызды түздү.
2016-жылдын январындагы экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча ИДП
(пайыз менен)
|
Млн. сом |
ИДПнын өсүү темптери (төмөндөшү- ) |
ИДПнын түзүмү |
|
2015 |
2016 |
|||
ИДП |
22881,4 |
-10,7 |
100 |
100 |
Айыл чарбасы, токой чарбасы жана балык уулоочулук |
2157,7 |
1,1 |
9,2 |
9,4 |
Өнөр жай |
4434,3 |
-39,0 |
26,6 |
19,4 |
Пайдалуу кендерди казуу |
207,7 |
12,4 |
1,6 |
0,9 |
Иштетүү өндүрушү (Иштетүү өнөр жайы) |
2711,7 |
-50,8 |
19,9 |
11,9 |
Электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу) |
1436,5 |
-10,7 |
4,8 |
6,3 |
Суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу |
78,4 |
9,6 |
0,3 |
0,3 |
Курулуш |
814,0 |
1,6 |
3,2 |
3,5 |
Дүң жана чекене соода; автомобилдерди |
4271,0 |
4,3 |
16,8 |
18,7 |
Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо |
1348,1 |
-1,7 |
5,2 |
5,9 |
Мейманканалардын жана ресторандардын ишмердиги |
405,3 |
6,8 |
1,5 |
1,8 |
Маалымат жана байланыш |
1456,3 |
4,4 |
5,6 |
6,4 |
Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү |
4546,9 |
0,4 |
17,8 |
19,8 |
Продуктуларга таза (субсидиялар эсептен алынган) салыктар |
3447,8 |
-10,7 |
14,1 |
15,1 |
Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы e-mail: aorosbaev@stat.kg; тел. + 996 (312) 324695
Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).
Колу жана күнү 16.02.2016ж.