Некролог. Абдыкалыков Орозмат Абдыкалыкович

Басылмалардын датасы: 23.11.2022


Бүгүн, 23-ноябрда  Абдыкалыков Орозмат Абдыкалыкович 72 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Орозмат Абдыкалыков 1950-жылдын 20-июнунда Ош облусунун Алай районундагы Тамбашат айылында туулган.

1971-жылы Фрунзе политехникалык институтун аяктаган.

1971-жылы-Майлуу-Сай электр лампа заводунун инженер-технологу, 1973-1979-жылдары Кыргызстан ЛКСМнын Ош шаардык комитетинин биринчи катчысы болуп эмгектенген. 1982 -жылы – Кыргызстан ЛКСМнын Ош облустук комитетинин биринчи катчысы, 1982-жылы Кыргызстан ЛКСМ БКнын биринчи катчысы, 1987-1990-жылдары - Кара-Көл шаардык Элдик депутаттар кеңешинин төрагасы, 1990-жылы - Кыргызстан Компартиясынын Кара-Көл шаардык комитетинин биринчи катчысы болуп иштеген. 1991-жылы   Кара-Көл шаардык Элдик депутаттар кеңешинин төрагасы, 1992-1994-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин туруктуу комиссиясынын төрагасы болгон.

1994-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчиси-Министри болуп дайындалган.

1997-жылы Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын Жетекчиси-Министри болуп дайындалган.

1998-жылы Орозмат Абдыкалыков Кыргыз Республикасынын Тышкы соода жана өнөр жай министри болуп дайындалат.

1999-жылы Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын биринчи орун басары болуп дайындалган.

2005-жылы Орозмат Абдыкалыков Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин биринчи орун басары - уюштуруу иштери жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалат.

2005-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы болуп дайындалган.

2019-2021-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын кеңешчиси. 2021-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин борбордук аппаратынын эл жана турак жай фондун каттоону уюштуруу тобунун башкы адиси болуп эмгектенген.

Статистика органдарынын кызматкерлери Орозмат Абдыкалыковдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтышат. Аза кайгыңыздарды тең бөлүшөбүз.

Орозмат Абдыкалыков биздин жүрөгүбүздө өз өлкөсүнө татыктуу кызмат кылуунун, чынчыл жарандын, боорукер жана адилеттүү адамдын үлгүсү болуп, түбөлүккө кала берет.


Акыркы жаңылоо: 24.11.2022, 09:09