2022-жылы байкоо жүргүзүлбөгөн экономика

Басылмалардын датасы: 31.01.2024


Белгилүү болгондой, 2023-жылы Улуттук статистика комитети 2008-жылдагы Улуттук эсептер тутумунун эл аралык стандартына ылайык 2019-2022-жылдардагы маалыматтарды кайра эсептөө иштерин жүргүзгөн.

 Кыргыз Республикасында өндүрүш тарабынан бааланган байкоо жүргүзүлбөгөн  (көмүскө жана формалдуу эмес, мыйзамсыз) экономиканын көлөмү кайра эсептөөнүн жыйынтыгы менен 2022-жылы 206 млрд. сомдон ашты же ИДПга карата 20,2 пайызды түздү.

2022-жылы байкоо жүргүзүлбөгөн  экономиканын ИДПга карата үлүшү мурунку жылга салыштырмалуу 0,2 пайыздык пунктка төмөндөдү, бул анын иштетүү өндүрүшү тармагында - 1,1 пайыздык пунктка, транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоодо - 0,2 пайыздык пунктка, маалымат жана байланыш, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу, кесиптик, илимий жана техникалык ишмердик, ошондой эле билим берүү жана башка тейлөө ишмердиги чөйрөлөрүндө тиешелүүлүгүнө жараша 0,1 пайыздык пунктка азайышы менен камсыздалды.

Байкоо жүргүзүлбөгөн экономиканын үлүшү
(ИДПга карата пайыз менен)

2022-жылы байкоо жүргүзүлбөгөн  экономиканын үлүшү 2019-жылга салыштырмалуу 2,6 пайыздык пунктка төмөндөгөн, бул дүң жана чекене соода; автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо (2,4 пайыздык пунктка), иштетүү өндүрүшү (0,5 пайыздык пунктка), транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо чөйрөлөрүндөгү (0,4 пайыздык пунктка) анын үлүшүнүн азайышы менен шартталды.

Экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча байкоо жүргүзүлбөгөн  экономика1
(ИДПга карата пайыз менен)

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

1 Айыл чарбасын кошпогондо.

****

Республиканын маанилүү мамлекеттик маалыматтык тутуму болуп саналган Кыргыз Республикасынын улуттук маалыматтык-статистикалык тутуму рынок экономикасынын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндөгү керектүү маалыматтар менен камсыздайт. Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү (“Расмий статистика жөнүндө” Мыйзамдын 30-беренеси).

Интервью уюштуруу маселеси боюнча толук маалымат алуу үчүн төмөнкү дарекке кайрылыңыздар: Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун пресс-кызматы, тел.: + 996 (312) 625 747, e-mail: smi_nsc@stat.kg. Дареги: Фрунзе көчөсү, 374 (Т. Молдо көчөсү менен кесилишет).

 

Биз жеткиликтүүбүз:

www.stat.kg|

Facebook

тел.625747

Google play

apple_download


Акыркы жаңылоо: 31.01.2024, 10:27