2019-жылдын январь-сентябрында экономиканын реалдуу секторунун ишканаларынын сатууларынын рентабелдүүлүк сереп

Басылмалардын датасы: 17.12.2019


Экономиканын реалдуу секторунда 17,5 миңге жакын чарба жүргүзүүчү субъект ишмердик жүргүзөт. 2019-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча  алар тарабынан 37,1 млрд. сом өлчөмүндө оң сальдолоштурулган финансылык жыйынтык пайда алынды, бул 2018-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда дээрлик 2 эсеге көп. Рентабелдүү ишканалардын үлүшү алардын жалпы санынын 35 пайызга жакынын, ал эми чыгым тарткан ишканалардын үлүшү 26 пайызды түздү.

2019-жылдын 9 айында сатуулардын рентабелдүүлүгү 11,6 пайызды түздү. Сатуулардын рентабелдүүлүгү ишкананын түшкөн акчасында (дүң кирешесинде) баланстык пайда кандай үлүштү ээлей тургандыгын чагылдырат, ошого жараша экономиканын реалдуу секторунун ишканалары түшкөн акчанын (дүң кирешесинин) 1 сомунан орточо 12 тыйынга жакын пайда алышты.

Ченемдерге ылайык, 20 пайыздан ашык рентабелдүүлүк деңгээли менен болгон ишканалар жогорку рентабелдүү категориясына кирет. 2019-жылдын январь-сентябрында жогорку рентабелдүүлөргө кыймылсыз мүлк операциялары (28,2 пайыз), соода (27,1 пайыз), эсептөө техникасы жана маалыматтык тейлөө тармагында ишмердикти жүргүзүүчү уюмдар (25,4 пайыз), металл рудаларын казуу (24,4 пайыз) жана байланыш (20,4 пайыз) ишканалары кирген.

Иштетүү өндүрүшү, транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо, маалымат, административдик жана көмөкчү ишмердиктер, саламаттыкты сактоо, финансылык ортомчулук, ошондой эле башка тейлөө ишмердиги сыяктуу ишмердиктердин түрлөрүндө рентабелдүүлүктүн орточо деңгээли байкалды, анын маанилери 10 пайыздан 20 пайызга чейинки  чектерде болуп турду.

2019-жылдын 9 айынын жыйынтыктары боюнча 10 пайыздан төмөн рентабелдүүлүк деңгээли  менен төмөн рентабелдүүлөргө айыл чарбасы, курулуш, билим берүү, мейманкана жана ресторан кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү уюмдар, суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү ишканалары болуп саналды.

Электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу), ошондой эле кесиптик, илимий жана техникалык ишкердик (геологиялык чалгындоону кошкондо), искусство, көңүл ачуу жана эс алуу ишканаларында, 2019-жылдын 9 айынын жыйынтыктары боюнча чыгымдарга жол берилген, бул сатуулардын рентабелдүүлүгүнүн коэффициентинин терс маанилерин алууга алып келди.

Экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча экономиканын реалдуу
секторунун ишканаларынын сатууларынын рентабелдүүлүгү*

 (пайыз менен)

 

Январь-сентябрь 2018

Январь-сентябрь 2019

Бардыгы

6,9

11,6

Айыл чарбасы, токой чарбасы жана балык уулоочулук

10,5

9,5

Пайдалуу кендерди казуу

-0,6

19,8

Иштетүү  өндүрүшү

7,6

10,1

Электр энергия, газ, буу жана кондицияланган
аба менен камсыздоо

-4,8

-3,7

Cуу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды
иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу

1,5

1,6

Курулуш

1,2

4,4

Дүң жана чекене соода; автоунааларды
жана мотоциклдерди оңдоо

16,6

27,1

Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо

15,3

15,9

Мейманканалар жана ресторандар

1,9

0,1

Маалымат

12,7

17,1

Байланыш

19,2

20,4

Финансылык ортомчулук

31,7

12,8

Кыймылсыз мүлк операциялары

21,5

28,2

Кесиптик, илимий жана техникалык ишкердик

-39,0

-6,8

Административдик жана көмөкчү ишмердик

15,5

15,7

Билим берүү

5,0

5,1

Саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө

9,6

14,1

Искусство, көңүл ачуу жана эс алуу

4,6

-4,8

Башка тейлөө ишмердиктери

20,0

18,9

*Сатуулардын рентабелдүүлүгү отчеттук мезгилде ишкана тарабынан алынган продукцияны (кызмат көрсөтүүнү) сатуудан түшкөн акчага  (дүн кирешеге) карата баланстык пайданын (чыгымдын) катышы катары эсептелет.

 

________________________________________________________________________________________

Финансы статистикасы бөлүмү                    |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;                     |тел. + 996 (312)  626073

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда, маалымат тармактарында, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 17.12.2019, 08:54