2021-жылдын I кварталында микрокредиттердин 24%га жакыны Ош облусунун алуучуларына туура келди

Басылмалардын датасы: 20.05.2021


Үстүбүздөгү жылдын I кварталында микрокредиттерди берүүчү уюмдар тарабынан 8,5 млрд. сом суммасында кредиттер берилди, муну менен бирге алуучулардын саны 168,4 миң адамды түздү. Микрокредит алган калктын саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 17%га, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү - 23,4%га көбөйдү.

I кварталда калкка микрокредиттердин берилиши

Микрокредиттерди алуучулардын басымдуу саны Ош (алуучулардын жалпы санынын 23,8 %ы) жана Жалал-Абад облустарына (17,3%ы), ошондой эле Бишкек ш. (14,5%ы) туура келди.

Микрокредиттердин эң көп суммасы Ош облусунун (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 1,9 млрд. сому же 22,8%ы), Бишкек ш. (1,4 млрд. сом же 16,5%), Жалал-Абад (1,3 млрд. сом же 15,1%) жана Чүй облустарынын (1,2 млрд. сом же 13,8%) алуучуларына берилди.

Үстүбүздөгү жылдын I кварталында берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 36,3%ы - айыл чарбадагы ишмердикти өнүктүрүүгө, 30,2%ы - керектөөчүлүк муктаждыктарга, 11,5%ы соода жана коомдук тамак-аш чөйрөсүнө багытталды.

2021-жылдын I кварталында калкка микрокредиттердин максаттар боюнча берилиши  
(микрокредиттердин жалпы көлөмүнө карата пайыз менен)

Үстүбүздөгү жылдын I кварталында белгиленген мөөнөттөргө ылайык микрокредиттерди кайтаруунун деңгээли, өткөн жылдын I кварталына салыштырмалуу бир пайыздык пунктка көбөйүү менен 89 жакын пайызды түздү.

_______________________________________________________________________________________

Финансы статистикасы бөлүмү    |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;       |тел. + 996 (312)  626073, 625591

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 20.05.2021, 16:39