Микрокредиттердин 25% жакыны Ош облусунун алуучуларына туура келди

Басылмалардын датасы: 23.05.2022


Үстүбүздөгү жылдын I кварталында микрокредиттерди берүүчү уюмдар тарабынан 8,8 млрд. сом суммасында кредиттер берилди, муну менен бирге алуучулардын саны 152 миңге жакын адамды түздү. Микрокредит алган калктын саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 9,8% азайды, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү тескерисинче 3,4% көбөйдү.

I кварталда калкка микрокредиттердин берилиши

Микрокредиттерди алуучулардын басымдуу саны Ош (алуучулардын жалпы санынын 25% жакыны) жана Жалал-Абад облустарына (15%), ошондой эле Бишкек ш. (15%) туура келди.

Микрокредиттердин эң көп суммасы Ош облусунун (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 1,9 млрд. сому же 21%), Бишкек ш. (1,6 млрд. сом же 18%), Чүй (1,3 млрд. сом же 15%) жана Жалал-Абад облустарынын (1,2 млрд. сом же 13,5%) алуучуларына берилди.

Үстүбүздөгү жылдын I кварталында берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 39% жакыны - керектөөчүлүк муктаждыктарга, 31% - айыл чарбадагы ишмердикти өнүктүрүүгө багытталды. Соода жана коомдук тамак-аш чөйрөсүнө берилген микрокредиттердин үлүшү 12,5%, курулушка - 6% түздү.

Үстүбүздөгү жылдын I кварталында белгиленген мөөнөттөргө ылайык микрокредиттерди кайтаруунун деңгээли, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 2,2 пайыздык пунктка көбөйүү менен 91% түздү.

___________________________________________________

Каржы статистикасы бөлүмү |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;  |тел. + 996 (312)  626073, 625591

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

2022-жылдын 23-майы


Акыркы жаңылоо: 23.05.2022, 11:28