Негизги капиталга инвестициянын көлөмүнүн өсүүсү белгиленген

Басылмалардын датасы: 13.11.2015


Алдын-ала маалыматтар боюнча негизги капиталга өздөштүрүлгөн  инвестициянын көлөмү үстүбүздөгү жылдын январь-октябрында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 78 млрд. сомдон көбүн  түзүп 1,6 пайызга өстү. Муну менен бирге эгерде ички булактардын эсебинен каржылануучу инвестициялардын көлөмү 11,4 пайызга өссө, анда тышкы булактардын эсебинен ал 15,7 пайызга кыскарды.

Негизги көлөмү (инвестициянын жалпы көлөмдүн 78 пайызы жакыны) пайдалуу кендерди казуу объекттерине, иштетүү өндүрүшүнө, электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу) объекттерине жана турак жай курулушуна багытталган.

Үстүбүздөгү жылдын январь-октябрында жеке турак жайдын 617 миң чарчы метринен көбү пайдаланууга берилди, же өткөн жылдын тийиштүү мезгилинин деңгээлине карата 93,1 пайызды түздү.

__________________________________________________________________________________________________________

 

Курулуш жана инвестиция      |      e-mail:  birukova@stat.kg;      |     тел. + 996 (312) 324642

       статистикасы бөлүмү

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланууда, учурда маалыматтык тармактарда,кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчөлөрдө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (Мамлекеттик статистика жөнүндө Мыйзамдын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 13.11.2015, 09:26