2022-жылы эл жана турак жай фондун каттоо: төртүнчү күн

Басылмалардын датасы: 28.03.2022


Кыргызстанда эл каттоо өнөктүгү кызуу жүрүп жатат. Өлкө боюнча эл каттоочулар төртүнчү күн иштеп жатышат.

Эл каттоонун биринчи күнүндө, б.а. 25-мартка караган түнү эки аэропортто (Ош шаарында жана Бишкек шаарында – “Манас” аэропорту) эл каттоо жүргүзүлдү. Ал жерде өлкөдөн чыгып кетип жаткандар катталды.

Эл каттоонун биринчи күнүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров интервью берди. Анын үлгүсүндө өлкөнүн көптөгөн жашоочулары аларга келген каттоочуларга маалымат берүү менен каттоодон өтүп жатышат.

Мындан тышкары, эл каттоонун биринчи күнүндө – ү.ж. 25-мартында – мейманканалардын тургундары, ооруканада жатып дарыланып жаткан оорукана уюмдарынын бейтаптары, ошондой эле санаторияларда, эс алуу үйлөрүнө жана башкаларга келгендер каттоодон өткөрүлдү.

Улуттук статистика комитети тарабынан уюштурулган «ишеним телефонуна» (тел. 1216) негизинен борборубуздун жашоочулары өздөрүн кызыктырган суроолорун берүү менен кайрылып жатышат. Эл каттоонун жүрүшү социалдык тармактарда чагылдырылып жатат.

2022-жылы эл жана турак жай фондун каттоо үстүбүздөгү жылдын 3-апрелине чейин өтөөрүн эсиңиздерге сала кетели.

            

 


Акыркы жаңылоо: 28.03.2022, 17:50