Айымдардын эл аралык күнү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Улутстаткомдун айымдарын куттуктады

Басылмалардын датасы: 07.03.2022


Бүгүн, 2022-жылдын 7-мартында айымдардын келе жаткан Эл аралык айымдар күнү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары, Эл жана турак-жай фондун каттоо боюнча Республикалык комиссиясынын төрагасы Арзыбек Кожошев Улутстаткомдун айымдар жамаатын куттуктады.

Ал өзүнүн куттуктоо сөзүндө Улутстаткомдун айымдарынын өлкөнүн статистикасынын өнүгүшүнө кошкон салымдарын баса белгилеп, статистикалык иштеги жаралып жаткан ийгиликтер айымдардын кесипкөйлүгү, жоопкерчилиги аркылуу болуп жаткандыгын белгилей кетти. А. Кожошев Улутстаткомдун айымдар жамаатына бекем ден соолук, Эл каттоону ийгиликтүү өткөрүп алууну жана үй-бүлөлүк бакыт-таалай каалады. 

      


Акыркы жаңылоо: 09.03.2022, 08:37