Улутстаткомдун төрагасынын биринчи орун басары Айнура Орозбаева Кыргызстандагы БУУ-Аялдар түзүмүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү

Басылмалардын датасы: 17.05.2022


2022-жылдын 17-майында "Хайат" мейманканасында Кыргызстандагы БУУ-Аялдар түзүмүнүн демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун төрагасынын биринчи орун басары Айнура Орозбаева менен аталган эл аралык уюмдун өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү.   

Жолугушуунун жүрүшүндө Улутстаткомдун төрагасынын биринчи орун басары Айнура Орозбаева БУУ-Аялдар түзүмүнүн өкүлдөрүнө климаттын өзгөрүшү боюнча Кыргыз Республикасынын гендердик аспекттеги милдеттериндеги расмий статистиканын ролу жөнүндө айтып берди.

Ушул жолугушуунун негизги максаты-Кыргыз Республикасында климаттын өзгөрүшү жана гендердик маселелер боюнча "БУУ-Аялдар" түзүмүнө ар тараптуу баа берүү жана климаттык өзгөрүү жана гендердик теңчилик жаатындагы алкактык иштер боюнча башка өлкөлөр менен уюмдардын оң мисалдары менен бөлүшүү.

              

              

 

 


Акыркы жаңылоо: 01.06.2022, 13:31