2016-жылдын 10 айынын жыйынтыктары боюнча Кыргызстандын ИДПсы 2,7 пайызга өстү - фоторепортаж

Басылмалардын датасы: 10.11.2016


Бүгүн, 10-ноябрда Улутстаткомдо Кыргыз Республикасынын
2016-жылдын январь-октябрь айындагы социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары талкууланган пресс-конференция болуп өттү.

 

Жыйынтыктоо иштери жана статистикалык маалыматтарды таратуу бөлүмүнүн башчысы Чинара Турдубаева Кыргыз Республикасынын
2016-жылдын январь-октябрь айындагы социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыгы тууралуу маалымат берип, ү.ж. январь-октябрында ички дүң продукт алдын-ала баалоо боюнча 360 миллиард сомго жакынын түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 2,7 пайызга өскөнүн маалымдады.

 

 “Кумтөр” кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, 2016-жылдын январь-сентябрында ички дүң продуктунун көлөмү 326 миллиард сомду түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 3,3 пайызга өстү.

2016-жылдын январь-октябрында өнөр жай продукциясынын көлөмү 155 миллиард сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,6 пайызга төмөндөдү. Өнөр-жай өндүрүшүнүн төмөндөөсү баалуу металлдарды өндүрүүнүн (3,3 пайызга), текстиль өндүрүшүнүн (21,7 пайызга), кийим тигүүнүн (14,4 пайызга) жана башка металл эмес продукттардын (8,6 пайызга) кыскарышы менен шартталды.

Электр энергия өндүрүүнүн көлөмү, аны берүү жана бөлүштүрүү 8,2 пайызга төмөндөдү.

Муну менен бир катарда, “Кумтөр” ишканаларын эсепке албаганда, өнөр-жай өндүрүшүнүн көлөмү 2015-жылдын январ-октябрына салыштыруу боюнча,  металлдык кендерди өндүрүүнүн (2,1 эсеге), тазаланган мунайзаттарын (40,3 пайызга), азык-түлүк продуктыларын (14,2 пайызга), резина жана пластмасс жасалгаларын өндүрүүнүн эсебинен 2,3 пайызга жогорулады.

Үстүбүздөгү жылдын октябрында, өткөн жылга салыштырмалуу, керектөө бааларынын 0,4 пайызга жогорулоосу белгиленген.

Муну менен бир катарда, январь-октябрда тамак-аш продуктулардын жана алкоголсуз суусундуктардын баасы 1,1 пайызга, алкоголдук ичмдиктерге жана тамеки заттарына баалар 0,2 пайызга жогорулаган. Муну ичинде, сезондук фактор менен шартталган, тасирдүү баалардын жогорулоосу жаңы бышкан мөмөлөргө (20,5 пайызга), жашылчаларга (12,7 пайызга), ошондой эле сүт азыктары, бышитак жана жумурткага (3 пайызга) белгиленген.

Ошол эле мезгилде, баалар азык-түлүк эмес товарларга үстүбүздөгү жылдын октябрында, тескерисинче, 0,1 пайыга төмөндөгөн. Ошондой эле, кызмат көрсөтүүдө, сезилээрлик эмес тарифтердин төмөндөөсү байкалган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 2016-жылы январь-октябрда, өткөн жылга салыштырмалуу, экспорттук коюулардын кыскаруусу, тамекини, пластмассаны жана анын жасалгаларын, электрдик машиналарды жана жабдыктарды, ошондой эле алтынды коюунун кыскаруусу менен шартталган.

Ошол эле мезгилде, кара металлдардан жасалган буюмдардын, кийим жана кийим жабдыктарынын, жашылчалардын жана мөмөлөрдүн экспортунун өсүүсү байкалган.

Импорттук келип түшүүлөрдүн төмөндөөсү, негизинен, эт продукцияларын, транспорттук каражаттарды жана фармацевтикалык продукцияларды алып келүүнүн кыскаруусу менен шартталган.

Муну менен бир катарда, бут кийим, кийим-ккече жана тактай алып келүүнүн көлөмдөрү өскөн.

Эмгек рыногу жана социалдык-демографиялык статистика башкармалыгынын башчысы Римма Чыныбаева, 2012-жылдан баштап калктын эмиграциясынын маанилүү төмөндөөсүн белгилөө менен, Кыргыз Республикасындагы миграциялык кырдаал жөнүндө маалымат берди. Мурдагыдай эле, чыгып кетүүчүлөр үчүн, жашоо ордун алмаштырууда, жумуш издөө, жеке, үй-бүлөлүк себептер приоритеттүү болуп эсептелген. Облустар аралык миграция боюнча чыгып кетүүчүлөрдүн эң эле көп саны Нарын облусунда, андан кийин Талас жана Ысык-Көл облустарында белгиленген. Борборго келген облустар аралык мигранттардын үчтөн бир бөлүгүн 20-29 жаш курактагы жаштар түзгөн.

Туруктуу өнүктүрүү жана айлана-чөйрө статистикасы башкармалыгынын башчысы Каныкей Орозбаева 2015-жылы Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөсүнүн абалы жөнүндө кенен маалымат берди.

Финансы статистикасы бөлүмүнүн башкы адиси Элнура Абельдиева, республиканын аймагында үч миңден ашуун биргелешкен ишканалардын иштөөсүн, алардын жарымынан көбү (55 пайыз) чет элдик капиталдын толук катышуусу менен иштегендигин белгилөө менен, 2015-жылы чет элдик инвестициялар менен иштеген ишканалардын ишмердиги жөнүндө пресс-конференциянын катышуучуларына маалымат берди. Чет элдик инвестициялар менен иштөө - КМШ өлкөлөрүнөн сырттагы чет элдик өнөктөштөр менен иштеген ишканалардын үлүшүнө 60 пайыз, КМШ өлкөлөрүндөгү ишканалардын үлүшүнө 40 пайыз туура келген. 

Презентациялар:

Кыргыз Республикасындагы миграциялык кырдаал

2015-жылы Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөсүнүн абалы жөнүндө

2015-жылы ишканалардын чет элдик инвестициялар менен ишмердиги жөнүндө

 

 

 

 


Акыркы жаңылоо: 17.11.2016, 11:49