Жылдын жыйынтыгында ички дүң продукттун өсүшү 7 пайызды түздү

Басылмалардын датасы: 13.01.2023


Ички дүң продукт (ИДП) алдын-ала баалоо боюнча 2022-жылдын январь-декабрында мурунку жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 7% өсүү менен 919 млрд. ашык сомду түздү. «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 5,9% өсүп, 863,8 млрд. сомду түздү.

ИДПнын өсүшү товардык өндүрүш, жана кызмат көрсөтүү тармактары тарабынан камсыздалды. Муну менен бирге, товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи мурунку жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 9,7% жогорулады, ал эми кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 4,8% өстү.

ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (49,1%) 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө туура келип 1,9 пайыздык пунктка өскөн.

Ошол эле убакта, товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү, тескерисинче, 3,3 пайыздык пунктка төмөндөп 36,2% түздү. Муну менен бирге, 2021-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу ИДПнын түзүмүндөгү айыл чарбасынын үлүшү 1,7 пайыздык пунктка,  өнөр жайдын үлүшү - 1,2 пайыздык пунктка жана курулуштун - 0,4 пайыздык пунктка кыскарды.

2022-жылдын январь-декабрындагы экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрү боюнча ИДП

 

Млн. сом

ИДПнын өсүү (төмөндөө) темптери

Жыйынтыкка карата пайыз менен

2021

2022

ИДП

919 444,6

107,0

100,0

100,0

Товар өндүрүү тармактары

332 469,3

109,7

39,5

36,2

Айыл чарбасы, токой чарбасы
жана балык уулоочулук

111 440,7

107,3

13,8

12,1

Өнөр жай

152 925,6

112,2

17,9

16,7

Пайдалуу кендерди казуу

23 222,0

108,2

2,9

2,5

Иштетүү өндүрүшү 
 (Иштетүү өнөр жайы)

114 014,8

116,4

12,9

12,4

Электр энергия, газ, буу жана

       

  кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу)

13 413,5

91,7

1,7

1,5

Суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу

2 275,3

91,3

0,4

0,3

Курулуш

68 103,0

108,0

7,8

7,4

Кызмат көрсөтүү тармактары

451 364,2

104,8

47,2

49,1

Дүң жана чекене соода; автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо

161 112,7

107,7

17,5

17,5

Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо

33 491,4

110,1

3,9

3,6

Мейманканалардын менен ресторандардын ишмердиги

13 865,5

123,8

1,3

1,5

Маалымат жана байланыш

22 651,4

105,8

2,8

2,5

Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү

220 243,2

100,3

21,7

24,0

Продукттарга таза (субсидияларды эсептебегенде) салыктар

135 611,1

107,0

13,3

14,7

 

Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы  e-mail: eisenkulova@stat.kg; тел. + 996 (312) 324695; 325351

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү. (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 13.01.2023, 12:16