Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча ички дүң продукттун өсүшү камсыздалды

Басылмалардын датасы: 16.01.2024


Ички дүң продукт (ИДП) алдын-ала баалоо боюнча 2023-жылдын январь-декабрь айларында 1,2 триллиондон ашык сомду түздү жана мурунку жылдын тийиштүү мезгилине салыштармалуу 6,2% жогорулады.

ИДПнын өсүшү товардык өндүрүш, кызмат көрсөтүүчү тармактары жана продукттарга болгон таза салыктар тарабынан камсыздалды. Муну менен бирге, мурунку жылдын январь-декабрына салыштырмалуу кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 6,2%, товардык өндүрүш тармактарынын өсүү темпи 3,6%, ал эми продукттарга болгон таза салыктардын өсүү темпи 12,7%, жогорулады.

ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (50,8%) өткөн жылдын жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу кызмат көрсөтүүчү тармактарга туура келип 0,2 пайыздык пунктка тѳмѳндѳгѳн. Товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү 32,3% түздү жана 2,9 пайыздык пунктка кыскарган. Муну менен бирге, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу өнөр жайдын үлүшү 16,0% түзүп, 1,1 пайыздык пунктка төмөндөдү, айыл чарбасынын үлүшү 9,7% түздү жана 1,3 пайыздык пунктка төмөндөдү.

2023-жылдын январь-декабрындагы экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрү боюнча ИДП

 

Млн. сом

ИДПнын өсүү (төмөндөө) темптери

Жыйынтыкка карата пайыз менен

2022

2023

  ИДП

1 228 898,8

106,2

100,0

100,0

  Товар өндүрүү тармактары

396 812,9

103,6

35,2

32,3

Айыл чарбасы, токой чарбасы
жана балык уулоочулук

118 646,5

100,6

11,0

9,7

  Өнөр жай

196 417,8

102,7

17,1

16,0

  Пайдалуу кендерди казуу

22 062,1

103,1

1,8

1,8

  Иштетүү өндүрүшү 
  (Иштетүү өнөр жайы)

154 878,4

102,0

13,6

12,6

  Электр энергия, газ, буу жана

 

 

 

 

кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу)

16 874,4

108,4

1,5

1,4

Суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу

2 602,9

105,8

0,2

0,2

  Курулуш

81 748,6

110,3

7,1

6,6

  Кызмат көрсөтүү тармактары

624 165,4

106,2

51,0

50,8

Дүң жана чекене соода; автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо

194 268,6

115,1

15,2

15,8

Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо

36 374,7

107,4

3,0

3,0

Мейманканалардын менен ресторандардын ишмердиги

20 712,6

122,6

1,5

1,7

  Маалымат жана байланыш

25 342,1

106,7

2,3

2,1

  Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү

347 467,4

100,5

29,0

28,2

Продукттарга таза (субсидияларды эсептебегенде) салыктар

207 920,5

112,7

13,8

16,9

 

****

 

Экономикалык статистика жана
улуттук эсептер башкармалыгы                     e-mail: eisenkulova@stat.kg;     тел. + 996 (312) 324695; 325351

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү. (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 07.03.2024, 08:58