2015-жылдын I кварталына салыштырмалуу тике чет өлкөлүк инвестициялардын түшүү көлөмүнүн төмөндөшү белгиленди

Басылмалардын датасы: 08.06.2016


2016-жылдын январь-мартында тике чет өлкөлүк инвестициялардын келүү агымы 2015-ж. январь-мартына салыштырмалуу 2,1 эсе  пайызга кыскарып, 150 млн. долларды түздү.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын негизги көлөмү (87 пайызы), геологиялык чалгындоого, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу ишканаларына, ошондой эле иштетүү өндүрүш ишканаларына багытталды. Муну менен бирге финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу ишканаларына багытталган инвестициялардын көлөмү  1,8 эсеге көбөйдү, ал эми геологиялык чалгындоого - 3,8 эсеге, иштетүү өндүрүш ишканаларына -2,1 эсеге төмөндөдү.

КМШдан тышкаркы өлкөлөрдүн ичинен негизги инвестор түшүү көлөмү 15,1 эсеге өскөн Кытай жана Түркия 3,8 эсеге болуп эсептелди. Муну менен катар, тике чет өлкөлүк инвестициялардын келүү агымы Улуу Британиядан жана Канададан түшүүнүн эсебинен олуттуу кыскарды, бул негизинен КМШ тышкаркы өлкөлөрдөн келген 3,3 эсеге төмөндөшүнөн шартталды.

КМШ өлкөлөрүнөн келген тике чет өлкөлүк инвестициялардын инвестициялардын түшүү көлөмү 1,6 эсеге, муну менен негизги инвестор  өлкөлөр түшүү көлөмү 2,3 эсеге өскөн Россия жана Казакстанда 3,9 эсеге болуп эсептелди, муну менен бирге  Беларустан келген түшүүлөрдүн көлөмү олуттуу кыскарды.

 

 

 

 

 

 

____________________________________________________________________

 

Реалдуу сектор статистикасы башкармалыгынын  |e-mail:birukova@stat.kg;|тел. + 996 (312) 324642

инвестиция статистикасы бөлүмү

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланууда, учурда маалыматтык тармактарда,кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчөлөрдө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (Мамлекеттик статистика жөнүндө Мыйзамдын 17-беренеси).

 


Акыркы жаңылоо: 08.06.2016, 11:05