Үстүбүздөгү жылдын I жарым жылдыгында берилген микрокредиттердин дээрлик жарымы керектөөчүлүк муктаждыктарына берилди

Басылмалардын датасы: 22.08.2023


Үстүбүздөгү жылдын I жарым жылдыгында 350 миңге жакын адам микрокредиттик уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланды, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 17% га көп. Мында алуучуларга 24 млрд. сомго жакын суммада же 35,5%га көп микрокредиттер берилди.

I жарым жылдыкта калкка микрокредиттердин берилиши

Микрокредиттерди алуучулардын басымдуу саны Ош (алуучулардын жалпы санынын 21%га жакын) жана Жалал-Абад облустарына (17%дан ашык), ошондой эле Бишкек шаарына (16%га жакын) туура келди.

Микрокредиттердин эң көп суммасы Бишкек ш. (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 19%дан ашык), Ош (17%), Чүй жана Жалал-Абад облустарынын (15,8%дан) алуучуларына берилди.

Үстүбүздөгү жылдын I жарым жылдыгында берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн дээрлик 46%ы керектөөчүлүк муктаждыктарына берилди, 25%дан ашыгы - айыл чарбасындагы ишмердикти өнүктүрүүгө, 12%га жакыны - соода жана коомдук тамактануу чөйрөсүнө, 5%дан ашыгы курулушка багытталды.

I жарым жылдыкта калкка микрокредиттердин максаттар боюнча берилиши
(микрокредиттердин жалпы көлөмүнө карата пайыз менен)

Финансы статистикасы бөлүмү    |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;       |тел. + 996 (312)  626073, 625591

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 22.08.2023, 10:03