2021-жылдын I кварталында “Азык-түлүк коопсуздугу жана кедейчилик боюнча маалыматтык бюллетень” басууга даярдалды

Басылмалардын датасы: 26.05.2021


Азык-түлүк коопсуздугу жана кедейчилик боюнча маалыматтык бюллетень 2021-жылдын I кварталында өлкөдөгү азык-түлүк менен камсыздалган абалынын  талдоосун камтыйт. Анда азык-түлүктүн болушу, анын өндүрүлүшү жөнүндө материалдар, азык-түлүккө жетүү көрсөткүчтөрү, анын калктын киши башына алгандагы керектөөсү жөнүндөгү маалыматтар бириктирилди жана системалаштырылды.

Тиркемелерде Кыргыз Республикасынын аймактарындагы гидрометеорологиялык шарттардын сереби (обзор), тамак-аш азыктарына болгон орточо чекене баалар жөнүндө маалымат, 2020-жылда 5 016 үй чарбанын интеграцияланган изилдөөсүнүн натыйжалары боюнча энергетикалык баалуулук түрүндөгү тамак-аш теңдеми, ошондой эле бир катар жылдардагы азык-түлүк коопсуздугунун индикаторлору камтылган. Кененирээк маалымат алуу үчүн «Басылмалар» бөлүгүн караңыздар.

 ________________________________________________________

Үй чарба статистикасы бөлүмү
Туруктуу өнүгүү жана айлана-чөйрө
 статистикасы башкармалыгы    |                                                    e-mail:Y.Kalymbetova@stat.kg; |  тел. + 996 (312)  324655

Расмий статистикалык маалыматтарды жана тийиштүү метамаалыматтарды пайдаланган учурда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Расмий статистика жөнүндө” Мыйзамдын 30-беренеси).

         


Акыркы жаңылоо: 26.05.2021, 15:49