2022-жылдын I кварталындагы “Азык-түлүк коопсуздугу жана кедейчилик боюнча маалыматтык бюллетень” басууга даярдалды

Басылмалардын датасы: 03.06.2022


Азык-түлүк коопсуздугу жана кедейчилик боюнча маалыматтык бюллетень 2022-жылдын I кварталындагы өлкөдөгү азык-түлүк менен камсыздуулук абалынын  талдоосун камтыйт. Анда азык-түлүктүн болушу, анын өндүрүлүшү жөнүндө материалдар, азык-түлүккө жетүүнүн көрсөткүчтөрү, анын калктын жан башына алгандагы керектөөсү жөнүндөгү маалыматтар бириктирилген жана системалаштырылган.

Тиркемелерде Кыргыз Республикасынын аймактарындагы гидрометеорологиялык шарттардын баяны, тамак-аш азыктарына болгон орточо чекене баалар жөнүндө маалымат, 2021-жылдагы 5016 үй чарбанын интеграцияланган изилдөөсүнүн натыйжалары боюнча энергетикалык баалуулук түрүндөгү тамактануу теңдеми, ошондой эле бир нече жылдар боюнча азык-түлүк коопсуздугунун индикаторлору камтылган. Кененирээк маалымат алуу үчүн «Басылмалар» бөлүмүн караңыздар.

________________________________________________________

Туруктуу өнүгүү жана айлана-чөйрө статистикасы башкармалыгы    e-mail: NKerimalieva@stat.kg    тел.+996 (312) 324691
 
Үй чарба статистикасы бөлүмү  e-mail:Y.Kalymbetova@stat.kg  тел. +996 (312) 324655
 
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси). 

 


Акыркы жаңылоо: 03.06.2022, 17:32