“Кыргыз Республикасынын калкынын миграциясы” статистикалык жыйнагы басууга даярдалды

Басылмалардын датасы: 30.01.2024


Жыйнак 2022-жылдагы Кыргыз Республикасынын эл жана турак жай фондун каттоонун жыйынтыгы менен алынган убактылуу жана узак убакыт жок болгон калктын жыныстык-курактык жана этникалык курамы, мигранттардын билим деңгээли, ички миграция тууралуу маалыматтарды камтыйт.

“Кыргыз Республикасынын калкынын миграциясы” жыйнагы республиканын калкынын миграциясы жөнүндө кеңири статистикалык маалыматтарды камтыган алгачкы басылма болуп саналат жана Эл аралык Миграция Уюму (ЭМБ) долбоорунун колдоосу менен даярдалган. 

Жыйнакты төмөнкү шилтеме аркылуу таба аласыздар:  https://www.stat.kg/media/publicationarchive/d029839d-b662-42f1-bf1a-3eaa751331d6.pdf


Акыркы жаңылоо: 30.01.2024, 17:25