«2023-жылдагы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноо жөнүндө» жылдык басылма басууга даярдалды

Басылмалардын датасы: 23.01.2024


Басылмада жалпы республика жана анын аймактары боюнча такталган маалыматтарга негизделген кеңири маалыматтар камтылган. Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн себилген жана жыйналган аянттарынын өлчөмү, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүнүн дүң жыйымы боюнча маалыматтар да берилген.

Басылмага жашылчаларды (капуста, бадыраң, помидор, ашкана кызылчасы жана сабизи, пияз, сарымсак, редиска, түрп, көк чөптөр), башка жашылчалар (калемпир, баклажан), мөмө-жемиштерди – уруктууларды (алма, алмурут, айва), данектүүлөрдү (кара өрүк, чие, гилас, өрүк, шабдалы, алча жана башкалар), жаңгактуу жемиштерди (грек жаңгагы, бадам, мисте, фундук жана башкалар), субтропикалык өсүмдүктөрдү (инжир, курма, анар), жер-жемиштерди (кулпунай, малина, карагат, карлыгач, кара бүлдүркөн жана башкалар) түрлөрү боюнча өндүрүү тууралуу маалыматтар кошумча камтылган.

Басылма айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түрлөрү боюнча жыйналган аянттары, дүң түшүмү жана түшүмдүүлүгү жөнүндө маалыматтарды камтыган, республикадагы өсүмдүк өстүрүү тармагынын абалын мүнөздөгөн 60 таблицаны камтыйт.

 

                                                                                                      ****

 Айыл чарба                                        e-mail:gmursabekova@stat.kg                    |тел. + 996 (312) 664043
 статистикасы  бөлүмү                                     

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 23.01.2024, 11:57