«Кыргыз Республикасындагы маалыматтык-коммуникациялык технологиялар» статистикалык басылмасы басууга даярдалды

Басылмалардын датасы: 01.11.2023


«Кыргыз Республикасындагы маалыматтык-коммуникациялык технологиялар 2018-2022» басылмасы республикада акыркы беш жыл аралыгындагы маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын абалы жөнүндөгү кыскача аналитикалык обзорун камтыйт. Экономикалык иштин түрлөрү боюнча ишканаларда жана уюмдарда маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүүнүн негизги көрсөткүчтөрү, өз ишинде маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонгон ишканалардын жана уюмдардын саны, адистердин саны, эмгек акы фонду, өнүктүрүүгө кеткен чыгымдар каржылоо булактары боюнча маалыматтык технологияларды жана эсептөө техникасын пайдалануу сунушталат.

Басылманын электрондук версиясы колдонуучулар үчүн Улуттук статистика комитетинин расмий сайтынын “(www.stat.kg) “Басылмалар” бөлүмүндө жеткиликтүү https://www.stat.kg/kg/publications/informacionno-kommunikacionnye-tehnologii-v-kyrgyzskoj-respublike/.  

 

 Керектөө рыногу, МКТ жана туризм
статистикасы башкармалыгы           | e-mail: ltekeeva@stat.kg|     тел. + 996 (312) 324 725, 324 650.

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 01.11.2023, 15:47