“Кыргыз Республикасынын өнөр жайы 2016-2020” статистикалык басылмасы даярдалды

Басылмалардын датасы: 26.10.2021


Жыйнак 2016-2020-жылдардагы Кыргыз Республикасынын өнөр жайынын өнүгүүсүн мүнөздөгөн экономикалык баянды, таблицалык жана графикалык материалдарды,ошондой эле 2020-жылдагы өнөр жайдагы инновациялык процесстердин кыскача талдоосун камтыйт.

Экономикалык ишмердиктин түрү, нарктык жана натуралай түрдөгү аймактар боюнча өндүрүлгөн өнөр жай продукцияларынын көлөмү, негизги каражаттардын наркы жана алардын пайдалануусу, ошондой эле өнөр жай секторунда иштегендердин орточо жылдык саны, дебитордук жана кредитордук карыздар жөнүндө маалыматтар келтирилген. Кененирээк таанышуу үчүн “Басылмалар” бөлүмүн караңыздар.

Бул басылманы алууну каалагандар Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун Маркетинг кызматына кайрылууңуздарды сунуштайбыз. тел. + 996 (312) 324703

________________________________________________________________________________

Өнөр жай жана энергетика статистика бөлүмү | e-mail: a.mamanova@stat.kg | тел. + 996 (312) 664044

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана  тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө  милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Мыйзамдын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 10.11.2021, 10:18