«Кыргыз Республикасынын калкынын жашоо деңгээли» статистикалык басылмасы басууга даярдалды

Басылмалардын датасы: 28.11.2023


Басылма 2022-жылга карата демографиялык кырдаалды, жашоо деңгээлинин негизги индикаторлорун, үй чарбаларынын акчалай кирешелерин жана чыгашаларын, кедейчилик деңгээлин, турак жай шарттарын, саламаттыкты сактоону, билим берүүнү, пенсияны жана жөлөк пулду, аялдардын репродуктивдик ден соолугун мүнөздөгөн маалыматтарды жана башка маалыматтарды камтыйт. Тиркемелерде толук статистикалык маалыматтар, алардын усулдук түшүндүрмөлөрү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин 2024-жылга карата басылмаларынын тизмеги берилди. Мурунку жылдагы кээ бир көрсөткүчтөрдүн маалыматтары аныкталган. Басылма жыл сайын басылып чыгарылат.               

Басылманы сатып алуу үчүн маркетинг бөлүмүнө кайрылыңыздар  тел.+ 996 (312) 324703

 

Үй чарба статистикасы бөлүмү |  e-mail: tmambetaliev@stat.kg; |  тел. + 996 (312)  324655


Акыркы жаңылоо: 28.11.2023, 13:41